Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.02.2019 14:55

Караколдо мусулмандардын көрүстөнү үчүн 1,6 гектар жер берүү каралууда

Turmush -  Каракол шаары менен Пристань-Пржевальск аймагынын ортосунда мусулмандардын көрүстөнү үчүн жер бөлүү маселеси каралууда. Ага ылайыктуу делген жерди тийиштүү органдардын өкүлдөрү барып көрүштү.

Вице-мэр С.Өскөнбаевдин айтымында, көрүстөн маселеси бир канча жылдан бери чечилбей келет.

«Мэрдин тапшырмасы менен 1 гектар 60 сотых муниципалдык жерди жаңы көрүстөн үчүн берүү маселеси каралууда. Учурда анын тийиштүү документтерин даярдап жатабыз. Бул маселе шаардык кеңештин сессиясында талкууланып, депутаттардын кароосунан өтөт», - дейт ал.

Буга чейин шаардын тургундары мусулмандардын мүрзөсү толуп калганын айтып, Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөттүн өкүлдөрүнө дагы кайрылып келишкен. Андан улам 2017-жылы Ч.Турсунбековдун фондунан Караколдун көрүстөнүнүн документин даярдоого 300 миң сом каражат берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×