Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 07.02.2019 12:05 На русском

Видео — Ак-Сууда ээн-эркин жүргөн карышкырлар байталды жеп кетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары карышкырлар мал-жандыктарга кол салып жатканын айтып, Аңчылык департаментинин аймактагы бөлүмүнө кайрылышты.

Тургундардын айтымында, карышкырлар Ак-Чий айыл аймагында 3 жылкыны жеп кеткен.

«Талаада жайылып жүргөн мал-жандыкка карышкырлар кол салып, жеп кетишкен. Бир байталды жалгыз карышкыр эмес, бир нечеси жеген. Карышкырлар менен күрөшүүнү күчөтүү керек, себеби айыл элинин негизги киреше булагы болуп мал чарбасы эсептелинет. Минтип карышкырлар мал-жандыкты жеп кетип, элдин мээнети акталбай калууда», - дешти жергиликтүүлөр.

Ал эми тургундар райондун аймагында карышкырлар күндүз ээн-эркин жүргөнүн видеого тартып алышкан.

Учурда Аңчылык департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү мергенчилерден турган 5 топ, жашоочулардан турган 9 топ түзүп, облус аймагында карышкырлар жана чөөлөрдү жок кылуу иштерин аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×