Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.02.2019 11:14 На русском

«Башы үзүлүп кетиптир»: Согушта курман болгон Алдаяр Борсокбаевдин көмүлгөн жерин туугандары табышты (сүрөт)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон Алдаяр Борсокбаевдин сөөгү кайсыл жерде көмүлгөнүн туугандары табышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын небереси Элмира Алдаярова билдирди.

Анын айтымында, чоң атасынын сөөгү коюлган жерди ардагер атанын маалыматы менен табышкан.

«Чоң атам Алдаяр Борсокбаев 1913-жылы Ысык-Көл районунун Бостери айылында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы жаз айларында Бостери айылынан кеткен экен. Ошондо артында аялы жана 3 баласы калган. Согушка барганда Сталинградда артиллериялык полкто немистер менен салгылашкан. Ошол эле жылы күз айларында Волга дарыясынын жээгинде чоң салгылашууда курман болгон экен. Снаряддан башы үзүлүп кетиптир. Мындай маалыматты менин чоң атам менен бир жерде душмандар менен салгылашкан Ананьев айылынан барган ардагер айтып бериптир. Снаряд атылганда атамдын башы үзүлүп, ал атанын буту жулунуп кеткен экен. Ал ошентип буту жок үйгө кайтып келиптир. Ал эми чоң атамдын денесин бир бактын түбүнө башынын жанына коюп, өзүнүн чапаны менен ороп койгонун келгенден кийин айтып берген экен. Ал чоң атамдын суу ичкен алюминий идишин кошо ала келип, менин чоң атамдын бир тууган инисине бериптир.

Биз чоң атам кайсыл бактын түбүнө коюлганын билбей жүргөнбүз. Бирок атамдын сөөгү ошол жерден алынып, «Братское» мүрзөсүнө коюлуптур. 172 кишинин арасында чоң атам 19-болуп тизмеде турат. Биз аны «Память народа» деген сайттан издеп таптык. Эми жакында балдарын алып барып, куран окутуп келүүнү пландап жатабыз. Азыр улуу кызы Разия 83 жашта, Темир айылында жашайт. Ортончусу Үсөнгазы 80 жашта болсо, кичүүсү — менин атам Бейшенгазы 78 жашта», - деди небереси Э.Алдаярова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×