Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.02.2019 10:36

Караколдо куткаруучуларга 196 миң сомго шаймандар алынды (сүрөт)

Turmush -  ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн №15 өрткө каршы бөлүктүн материалдык, техникалык базасын чындоо үчүн шаардык бюджеттен 196 миң сом каралып, техникалар алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Техникаларды Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов жана шаардык кеңештин депутаттары тапшырды.

Аталган бөлүмдүн жетекчиси Адис Кыдыкбаевдин айтымында, буга чейин мындай шаймандардын айрымдарынын эскилиги жетсе, айрымы жок болчу.

«14 даана суу жеңи, эки даана альпинисттик чатыр, 10 альпинист куржуну келди, суучулдарга шаймандар алынды. Суучулдарга 2 жылуу кийим, эки бет кап, эки кол кап, суучулдар бычагы, суу алдында күйгүзүүчү чырак жана эки өтүк, 40 даана караңгыда колдонулуучу чырак жана принтер алынып берилди», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×