Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.02.2019 18:50 На русском

Балыкчыда жигиттер чыр-чатакка мылтык алып чыгып, милициянын унаасына ок чыгарган. Окуя эмне менен аяктады? (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаардык соту өз ара жаңжалдашууга мылтык көтөрүп келип, милиция кызматкерлеринин унаасына ок чыгарган жигиттерге козголгон кылмыш иш боюнча материалдарды карап чыкты.

Маалым болгондой, кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-3-бөлүмүнүн 1-4-пункту (ээнбаштык, башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян келтирүү жана курал-жарак, курал катары пайдалануучу буюмдарды колдонуу) менен козголгон.

Айыпталуучунун бири — 1998-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн Бакыт (У.Б. аты өзгөртүлдү), орто билимдүү, бойдок жана эч жерде иштебейт.

Экинчи айыпталуучу — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Шор-Булак айылынын 1998-жылы туулган тургуну Данияр (Д.А. аты өзгөртүлдү). Билими орто, бойдок жана эч жерде иштебейт.

Окуя 2018-жылдын 6-августунда Балыкчы шаарында болгон. Шаар тургуну Бакыт Шор-Булак айылында жашаган досу Даниярга телефон чалып, мурунку чечилбей калган чыр-чатактарды чечүү керектигин жана анын үйүндө мылтык бар болсо Балыкчыга ала келүүнү өтүнгөн. Алар саат 22:00 чамасында А.А. жана Б.Т аттуу достору менен Балыкчыдагы мектептердин биринин жанынан жолугушкан. Данияр менен Бакыт дүкөндү көздөй басышканда, мектептин жанына «Мерседец-Бенц» кичи автобус жана «Фольксфаген-Пассат» унаасы менен балдардын тобу келишкен. Алардын ортосунда жаңжал болуп, Бакыт Данияр алып келген мергенчилик мылтык менен коркутуу үчүн асманга ок чыгарган. Келген балдар туш тарапка качып кетишкен. Бакыт менен Данияр алардын аркасынан баратканда Түлөбердиев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинен бир унааны көрүшкөн. Анда Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери бар экенин балдар билишкен эмес. Бакыт унааны көздөй ок чыгарып, таш ыргыткан. Качан гана унаадагы тергөөчү милициядан экенин айтканда Бакыт багынып берген.

Сот отурумунда Данияр менен Бакыт коюлган айып боюнча күнөөлөрүн жарым-жартылай моюнга алышкан. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында, сот Бакыттын бул кылмыштуу аракетин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,-4-пункттары менен бейбашчылык, башкача айтканда адамдардын тобу тарабынан башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян келтирүү, аны жок кылуу же зыянга учуратуу деп квалификациялаган. Ал эми Даниярдын кылмыштуу аракетин сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен бейбашчылык деп тапкан. Соттун чечими менен Бакытка карата эч жакка кетпөө чарасы тандалган.

Бакыт сот отурумунда түшүндүргөндөй, бул ишке эки жума мурунку чыр-чатак себеп болгон. Анда футбол талаасында Аскат аттуу жигит анын Акылбек аттуу досун бычак менен жарадар кылган. Мындан тышкары, Бакыт чыр-чатак болгонго чейин жигиттер Соң-Көл кичи районунан асманга ок чыгарышканын жана ал дагы чыр-чатакка себеп болгонун билдирген. Ал эми Данияр окуя болгон жерде караңгылатылган унаа терезесин түшүрүп, өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматерлери деп тааныштаргандан кийин багынып бергенин билдирген.

Кылмыш иштин материалдарын карап чыгып, Балыкчы шаардык соту 2018-жылдын 26-декабрында транспорттук каражаттын айдоочусу — Балыкчы ШИИБдин кызматкери аларды эл алдында айыптоодон баш тарткандыгына байланыштуу шаардык сот ишти өндүрүштөн токтоткон.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Балыкчы шаарында жаш жигиттер мурунку чыр-чатактарды чечүү максатында үйүнөн мылтык алып чыгышкан.

2018-жылдын 6-августунда саат 23:20 чамасында ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшүп, анда көчөлөрдүн биринде балдар чогулуп тургандыгы жана алар мылтыктан ок чыгарышкандыгы айтылган.

Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге шаардык милициянын тергөө-оперативдүү тобу барып, ал жерде 4-5 жаш жигит бар экенин жана алардын экөөсүндө мылтык болгондугун аныкташкан. Милициянын унаасы келе жатканын көргөн жигиттер милиция тарапты көздөй ок чыгарышып, алардын унаасы тарапка таш ыргытышкан.

Өз кезегинде милиция кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине таянып, табелдик мылтыктан асманга эскертүүчү ок чыгарып, алардан өз эрки менен куралдарды тапшырууну талап кылышкан. Бирок жаш жигиттер милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышкан.

Аларды кармоо учурунда милиция кызматкерлери Тоң районунун Шор-Булак айылынын 20 жаштагы тургуну Даниярды жана анын досу — Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургуну У.Бакытты кармашкан. Алардан «ИЖ-18ЕМ» үлгүсүндөгү 2 мылтык, 3 огу менен алышкан.

Кармалган жарандар өздөрүнүн көрсөтмөсүндө ошол күнү алар өз ара чыр-чатактарын чечүү үчүн чогулушканын, буга чейин эки тараптын бири бир жигитти сабап салганын билдиришкен. Чыр-чатактарды териштирүү боло турган жерге алар ок атуучу курал ала барышкан. Жакын келе жаткан милиция кызматкерлерин көргөндө У.Бакыт милиция кызматкерлеринин унаасы тарапка ок чыгарган.

Жаш жигиттерден алынган куралдар Балыкчы ШИИБдин каттоосунда эмес экени аныкталган. Алардын ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, чыр-чатактын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×