Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.02.2019 13:00 Жаңыланды: 06.02.2019 13:49 На русском

Видео: Боом капчыгайында көмүр ташыган «КамАЗ» унаасы оодарылып калды

Turmush -  Боом капчыгайында жүк ташуучу унаа оодарылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда окуянын күбөсү Айбек Жаныбаев билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуучу унаа Бишкекти көздөй бара жаткан. «Учурда Боом капчыгайында жол тайгак болууда. Мындан улам Бишкекке бара жаткан жүк ташуучу унаа Кыз-Күйөө айылынын тушунда оодарылып калган», - деди Айбек Жаныбаев.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жол кырсык 6-февралда саат 04:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 127-чакырымында катталган.

«Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу көмүр ташыган «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол четине оодарылып калган. Учурда жүк ташуучу унааны алып кетиш үчүн чоӊ кран керек болуп, анын келишин күтүп турушат. Жол көзөмөлдөөчүлөр кырсык болгон жерде унаалардын өтүшүн көзөмөлдөп, иштеп жатышат. Адамдар жаракат алган жок», - деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочулардан жолдо жүрүүдө эрежелерди так сактоону өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×