Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.02.2019 12:26 Жаңыланды: 06.02.2019 12:45 На русском

Максат Сарбагышев Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды (өмүр баяны)

Turmush -  Максат Сарбагышев Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бүгүн, 6-февралда Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтүп, ага айылдык кеңештин 21 депутаты тең катышты. Анын жүрүшүндө жалгыз талапкер Максат Сарбагышев 21 депутаттын добушуна ээ болду.

М.Сарбагышев буга чейин Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн карамагына Чоң-Сары-Ой, Чок-Тал, Бает, Сары-Ой, Өрнөк айылдары кирет. Айылдын калкынын саны 9 миңге жакын, ал эми казынасы 42 млн сомдон ашык.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Сарбагышев Максат Канатбекович

Туулган жылы: 1985-жыл

Туулган жери: Түп районунун Түп айылы

Билими:

- 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, инженер адистиги;

- 2013-жылы Кыргыз улуттук университети, менеджмент адистиги.

Эмгек жолу:

- 07.06.2008—25.09.2011-жылдары - «Болот» ЖЧКнын коммерциялык директору;

- 01.08.2011—22.11.2011-жылдары Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу;

- 22.11.2011—05.11.2012-Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;

- 05.11.2012—29.01.2013-Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;

- 29.01.2013—02.04.2015-жылдары Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 27.06.2016—24.10.2016-жылдары «Витязь» мамлекеттик ишканасынын «Алтын жай» пансионатынын филиалынын башчысынын орун басары;

- 24.10.2016-жылы —Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×