Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.02.2019 08:00 На русском

Ысык-Көлдө акыркы 3 күндө карышкырлар үч жылкыны жеп кетти (сүрөт)

Волки, отстреленные на территории Иссык-Кульской области
Волки, отстреленные на территории Иссык-Кульской области
// Turmush

Turmush -  Ысык-Көл облусунда акыркы 3 күндө карышкырлар 3 жылкыны жеп кетти. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн Түп районундагы аңчы адиси Жаныш Масиев билдирди.

Анын айтымында, айылдарга кар калың түшкөндүктөн карышкырлардын малга кол салуусу күчөдү. Мисалы, 3 күндүн ичинде карышкырлар Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагында 3 жылкыны жеп кеткен. Буга байланыштуу департаменттин аңчылары кыш башталганда эле 5 бригада түзүп, аларга дагы ыктыярчы 9 топ кошулган. Алар жеринде жырткычтарды атуу иштерин жүргүзүп жатышат. Мергенчилер жыл башынан бери 6 карышкырды жок кылышты.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, аңчыларга атылган карышкырлар үчүн 546 миң сом, ал эми жок кылынган чөөлөр үчүн 78 миң сом төлөнгөн.

Департаменттин башкы адиси Төлөгөн Үсөнбаевдин айтымында, өткөн жылы облустун аймагында 112 карышкыр жана 78 чөө жок кылынды.

«Бул иш-чаралар өкмөттүн 2016-жылы 26-февралда чыккан №89 токтомунун негизинде жүргүзүлүп жатат. Токтом боюнча ар бир райондо атайын комиссия түзүлүп, алар атылган карышкырларды текшеришет. Ал эми аңчыларга акча банктагы эсебине которулат. Мүмкүнчүлүк болсо малды талаада эмес, сарайда багуу керек», - деди адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×