Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуТүп району 05.02.2019 17:02

Мал ичкен сууну ичкен Каркыранын эли бороондо сууну кантип чыгарышат? (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра айылынын жашоочулары 1 чакырым алыстагы арыктан муз чагып, үйгө суу ташып, мал-жандыктарды ошол жакка айдап барып сугарышат. Мындай көрүнүш жыл сайын кайталанып келет, деди айыл тургуну Бакыт Асанкожоев.

Анын айтымында, кышы 8 айга жакын созулган Каркыра айылынын жашоочулары таза сууга жетпей келишет.

«Эки күн катуу бороон болсо эле суу тоңуп калат. Айылдын жигиттери музун лом, күрөк менен талкалайбыз. Анан бир чакырым жерден сууну ташып, чака-чайнекке чейин толтуруп алабыз. Антпесек өзүңөр көргөндөй 3 күн катуу шамал коштогон кар суунун бетин муз менен каптап калат. Биз ичкен суудан мал, ит, түн ичинде жапайы жаныбарлар ичпейт деп ким айта алат. Былтыр деле ушундай көрүнүш кайталанган. «Иттин доолдай тиктирем» деген тамсилиндей болуп, кышында кылчылдап, суу издеп, жайында унутуп калабыз. Деги эле биздин көйгөйдү чече турган адам болобу?» - деди Бакыт Асанкожоев.

Ал эми Каркыра айылынын туруктуу жашоочусу Дүйшөн Каримбаев: «Эртең менен саат 10:00дө муз чагууну баштаган айылдык 6 азамат кечки саат 16:00дө бүткөнү кадимкидей эле көрүнүш. Сууктун катуу болгонунан музду чагып, суунун үстүңкү бетин ачмай күндө кайталанат», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×