Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуТүп району 05.02.2019 15:49

Ысык-Көл боюнча кайсыл аким жана айыл өкмөт башчы мыкты деп табылды? (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда Түп районунун акими Элчибек Жантаев облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн «2018-жылдын мыкты акими» наамына татыды. Сыйлыкты вице-премьер-министр Ж.Разаков тапшырды.

Ошондой эле коллегияда КРнын «Мыкты айыл өкмөтү — 2017» сынагынын жеңүүчүсү болгон Кутургу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Сарымсаков да «2018-жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамына ээ болуп, сыйлыкты өкмөттүн өкүлү Акылбек Осмоналиев тапшырды.

«Бул сыйлыктар жеке экөөбүздүн эле сыймыгыбыз эмес, жалпы Түп районунун журтунун эмгеги, сыймыгы. Райондогу 13 айыл өкмөтүнүн, мекеме-ишканалардын, мектептердин жетекчилигинин кайратман эмгеги аркылуу ушундай ийгиликке жетишип отурабыз. Айтпай кетүүгө болбойт, 18 жылдан бери Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Курманбек Кайыковдун «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» деген наамга 2018-жылдын аягында ээ болушу да жылды мыкты көрсөткүчтөр менен жыйынтыктоого кошкон салым болуп отурат. Эң негизгиси элдин ишеними менен 2018-жылы төмөнкүдөй ийгиликтерди жарата алдык.

Санташ айыл аймагынын Сары-Тологой айылында спорт зал 41,5 млн сомго бүткөрүлүп, ишке берилди. Карасаев айыл аймагынын Тасма айылында кичи футбол аянтчасы 4,2 млн сомго курулуп, пайдаланууга берилди. Кудургу айыл аймагынын Ой-Тал айылындагы спорт зал 18,4 млн сомго, Кичи-Өрүктү айылындагы маданият үйү 27,2 млн сомго, Ысык-Көл айыл аймагынын Ысык-Көл айылынын таза суу системасы 21,6 млн сомго курулуп бүткөрүлдү. Райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаңы имараты 22 млн сомго курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылып, ишке берилди. ӨКМдин райондук бөлүмүнүн имараты 13 млн сомго бүткөрүлдү. Дагы быйыл аягына чыга турган курулуштарыбыз бар», - деди Э.Жантаев кубанычын тең бөлүшүп.

Мындан сырткары, 2018-жылы маданий иш-чаралар да арбын болду. Каркыра жайлоосундагы малчылардын майрамын кайрадан жандандыруу максатында «Каркыра-кыргыз дөөлөтү», КТРКнын 60 жылдыгына арналган «Элим менин элетте» иш-чаралары чоң салтанат менен өткөрүлдү. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да активдүү катышып, кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

«Түп районунун экономикалык өнүгүүсүнүн келечектери» бизнес-форумунун үзүрүн быйыл көргөнү отурабыз. КРнын «Эң мыкты айыл өкмөтүнүн республикалык жеңүүчүсү» Кутургу айыл өкмөтүнүн базасында өткөн республикалык семинар биздин ийгиликтерге жетүүбүзгө өбөлгө болду. Быйыл туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу, премьер-министрдин көзөмөлү аркылуу ишке ашырганы турабыз», - деди Э.Жантаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×