Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.02.2019 14:22 Жаңыланды: 05.02.2019 18:25 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк жаш мугалим Айнурага окуучусу келбей калган күндөрү үчүн устукан берген (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семенов айылынын 24 жаштагы тургуну Айнура Токтоназарова аймактагы жаш мугалимдердин катарын толуктайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарындагы педагогикалык колледжди аяктаган соң, дароо иштеп баштаган.

«Эмгек жолумду Семенов айылынын «Ивушка» бала бакчасында тарбиячы болуп иштөөдөн баштагам. Колледжге барганда эле 2014-2015-жылдары жумушка орношком. Бактуу-Долоноту айылындагы Токтосун Атаев атындагы мектебинде иштеп жүргөндө өзүм окуган Семенов айылындагы Петр Федосеевич Колесников атындагы мектепке мугалим жетишсиз экенин айтып калышты. Ал мектепке дагы ишке кирип, эки жерде иштеп баштадым. Андан кийин Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы мектепке 1-4-класстын окуучулары үчүн орус тили сабагынан мугалим болуп жумушка кирдим. Иштеп жатканыма 4 жыл болду. Үй-бүлөбүздө өзүмдүн апам мугалим, кайнене, кайнатам дагы мугалимдик кесипти аркалашат», - дейт Айнура Токтоназарова.

Анын айтымында, иш учурунда кызыктуу, күлкүлүү окуялар көп болот.

«Азыркы балдардын аң сезими күчтүү, аларды таң калтыруу мүмкүн эмес, алар кайра өзүңдү таң калтырат. Окуучулар ар кандай мүнөздө болушат, алардын көңүлүн окууга буруу үчүн оюн катары сабак өтөм. Сабакты турмуш менен байланыштырып, ар кимдин оюн угуп, билүү керек, ошондо окуучу билим алганга аракет кылат.

Бир жолу мектепке жаңы орношуп, иштей баштаган кезим болчу. Адаттагыдай класска кирип, сабакты өтүп баштадым. Сабак ортолоп калган кезде бир окуучум келип, столдун үстүнө баштык таштап койду. «Бул эмне?» деп сурасам уялып айтпай койду. Ичин ачып карасам койдун ичеги-карыны, анан бир устукан эт бар экен. «Муну эмнеге алып келдиң?» десем «келбей калган күндөрүм үчүн» деп боорду эзген. Көрсө аны таенеси салып койсо, ага айтпай эле баштыкты мага көтөрүп келиптир. Кийин таенесине жолугуп айтканым эсимде.

8-март майрамына карата бозомтук түстөгү сумка алгам. Сумкамды класска таштап, мугалимдердин бөлмөгө кеткем. Кайра келсем, 2 окуучу кызым доска сүргөн чүпүрөк менен сумкамды сүрүп атышыптыр. «Эмне болду?» десем «сумкаңыз баткакка түшүп, кирдеп калыптыр» деп күлдүрүшкөн», - дейт ал.

Жаш мугалим кыргыз элинин керегине жараган мыкты адамдарды тарбиялап, окутууну максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×