Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 05.02.2019 12:55

Тоңдо 13 жаштагы өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жаштагы өспүрүмдү унаа сүзүп, айдоочусу качып кетти.

ОИИБдин маалыматына караганда, Тоң РИИБге Бөкөнбаев айылынын 1987-жылы туулган тургуну И.Гүлзана арыз менен кайрылган. Ал 4-февралда саат 11:25 чамасында Бөкөнбаев айылынын Базаров жана Тойгонов көчөлөрүнүн кесилишинде анын 2005-жылы туулган уулу Б.Арсланды күмүш түстөгү «Фольксваген» унаасы сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген. Окуя болгон жерге тергөө-оперативдүү тобу барып, текшерүү учурунда жолдун боюнда үйүн көздөй бара жаткан Б.Арсланды Тоң районунун Жер-Үй айылынын 1997-жылы туулган тургуну А.у.Азамат 1973-жылы туулган атасы Т.Асымбекке тиешелүү «Фольксваген Бора» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүп алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги аныкталган.

Жабырлануучу Б.Арслан алган жаракатынан улам Тоң райондук ооруканасына жеткирилген. Ага бутунун сөөктөрүнүн жабырланышы жана 1-даражадагы травмалык шок деген диагноз коюлган.

Ал эми «Фольксваген Бора» үлгүсүндөгү унаа Бөкөмбаев айылынын түштүк тарабындагы «Корумду» участогунан 1978-жылы туулган А.Алыбек аттуу жарандын кашарынан табылып, Тоң РИИБдин короосуна киргизилген.

Анын айдоочусу А.у.Азаматты ооруканада текшерүү учурунда спирт ичимдигин ичпегени аныкталган. Учурда бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×