Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.02.2019 11:20

Жети-Өгүздө Жолочу атанын кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 12 жашка чейинки жеткинчектер арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу машыктыруучу Азамат Байсымаков билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Социалисттик эмгектин баатыры Жолочу Усубалиевдин урматына уюшулду.

«Мелдешке район боюнча 12 команда катышып, жыйынтыгында Оргочор айылынын футболчулары 1-орунду ээледи. 2-орунду Борскоон айылынын жеткинчектери багындырса, 3-орунду Тилекмат айылынын жаш футболчулары алышты. Мындай мелдеш жыл сайын өткөрүлүп турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×