Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуТоң району 05.02.2019 10:41 Жаңыланды: 05.02.2019 18:47 На русском

Көрүстөндөгү фотосессия же жарым жылаңач кыз. Автор кечирим сурады

Turmush -  Мүрзөнүн жанында жарым жылаңач кызды сүрөткө тарткан Артур Болжуровдун ишине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы маалымдады.

4-февралда Артур Болжуров социалдык түйүндөгү баракчасына мусулмандардын көрүстөнүнүн жанында тартылган жарым жылаңач кыздын сүрөтүн жарыялап: «Комментарийсиз. 2008. Биринчи жолу жарыяладым», - деп жазган.

Маалыматты тактоо үчүн бул факты Тоң РИИБ тарабынан «Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине» катталган. Учурда териштирүүлөр жүрүп жатат.

Кийинчерээк бул фотосессия үчүн автор А.Болжуров кечирим сурады. Бишкектик сүрөтчү АКИpress агенттигинин кабарчысына: «Чыгармабыздын башатын өзгөчө бир нерсе менен баштагыбыз келет. Ал убакта Ысык-Көлдүн жээгинде сулуулар сынагына карата сүрөткө тартуу иши менен алек болуп жатканбыз. Жолдон шам чырактын элементин көрүп, ал жерден фотосессия кылуу оюма келди. Биз көрүстөндү талкалаган жокпуз. Айыл тургундары келди. Алардын ичинен бир аксакал тарткан сүрөттөрүмдү көрүп, жактырган. Биз айыл тургундарынан оозеки түрдө уруксат алганбыз. Алар бизге макулдугун беришпесе, бул ишти кылбайт болчубуз», - деп билдирген.

Ал бул сүрөттөрдү жарыялагандан кийин коомчулуктан негативдүү ой-пикирлерди күткөн.

«Өзүм кыргызмын. Ата-тегим дагы дал ушундай көрүстөндө жатат. Ушул убакка чейин бул сүрөттөрдү жарыялабай келгем. Бул жасаган ишимдин артынан пайда көрөйүн деген ой менде такыр болгон эмес. Мен Кыргызстандан качпайм, телефонум иштеп жатат, эч кимден жашырынган жокмун. Эгерде мен кимдир бирөөнүн сезимдерин оорутсам кечирим сурайм», - деп кошумчалады.


Тоң

Тоң району

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×