Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 05.02.2019 10:40

Ысык-Көлдө 2018-жылдын жыйынтыгы менен 16 мыкты кызматкер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда биринчи жолу өкүлчүлүктүн атынан 16 мыкты кызматкер сыйланды.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы, коомдук иштерге активдүү катышканы жана 2018-жылдын жыйынтыгындагы жакшы көрсөткүчтөрү үчүн 16 кызматкер төш белгилер менен сыйланды.

1. «Жылдын мыкты акими» наамы Жантаев Элчибек Нуржадыевичке;

2. «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы Ак-Суу райондук психоневрологиялык жатак мекемесинин директору Үсөнбаева Нарынкүл Садыбакасовнага;

3. «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы Чолпон-Ата шаарындагы тарыхый-маданий музейинин директору Алымкожоева Күлүм Шамиевнага;

4. «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы Балыкчы шаарындагы Л.Толстой атындагы мектептин директору Насибулина Инна Александровнага;

5. «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы Тоң району боюнча жол тейлөө ишканасынын башчысы Дыйканов Ыйманбек Садыбакасовичке;

6. «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы Салык кызматынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы Аджиев Кадырбек Замирбековичке;

7. «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы Каракол шаарындагы «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын директору Орозалиев Абай Жумакадыровичке;

8. «Жылдын мыкты кызматкери» наамы Ысык-Көл ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Бердибаев Руслан Жанышбековичке;

9. Ушундай эле наам Ак-Суу аймактык ооруканасынын хирург-дарыгери Урбаев Кадыракун Мокеевичке;

10. «Жылдын мыкты ишкери» наамы Ак-Суу районунун фермери Жусупов Маратбек Мусаевичке;

11. «Жылдын мыкты ишкери» наамы Ысык-Көл районундагы «Ала-балык» фермердик чарбасынын жетекчиси Курманбек уулу Мээрбекке;

12. «Жылдын мыкты ишкери» наамы Балыкчы шаарындагы «Муслим» кондитердик цехинин жетекчиси Мамбетакунов Кенжебек Керимкуловичке;

13. «Жылдын мыкты кеңешчиси» наамы Тоң районунун ардактуу атуулу, Кыргыз ССРдин билим берүүнүн отличниги Амантур Тентиевге;

14. «Мыкты айыл округ башчысы» наамы Түп районунун Кудургу айыл округунун башчысы Сарымсаков Руслан Догдурбековичке;

15. «Мыкты айыл округ башчысы» наамы Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын башчысы Эрмек Кускакбаевге;

16. «Мыкты айыл округ башчысы» наамы Пристань-Пржевальск аймагынын №8 муниципалдык аймактык округунун башчысы Бапаев Чынгыз Арстанбековичке тапшырылды.

Тапшыруу аземинде өкмөттүн өкүлү мындай сыйлыктар облуста биринчи жолу берилип жатканын айтып жана ал облустун кызматкерлери үчүн жакшы мотивация болоруна ишеничи чоң экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×