Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 04.02.2019 12:47 Жаңыланды: 04.02.2019 13:39 На русском

Сүрөт — Жубайы үчүн чоң кызматтан баш тарткан 99 жаштагы Тенти ата

Turmush -  Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Тенти Тамашаев 99 жашка толду. Анын уулу Артур Тентиев Turmush басылмасынын кабарчысына: «Атамдын тиштери дээрлик бүтүн, көз айнексиз гезит, китептерди окуйт», - деп тааныштырды.

Аксакалдын үйүнө 2-февраль күнү барган Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Айнура Мамбеталиева туулган күнү менен куттуктап, белегин тапшырып кеткен.

«Куттуктап келебиз деген жакындарыбызды май айына чейин токтотуп койдук. Жаңы куруп жаткан үйүбүздүн тою менен атамдын 100 жашка чыкканын бирге белгилеп, чоң иш-чара өткөрөлү деп пландадык», - деди А.Тентиев.

Туулган күндүн урматына Тенти атанын 6 баласы — Мурат, Тимур, Айнура, Нургүл, Артур, Азат жана 17 небереси, 40 чөбөрөсү чогулуп, үйүндө өзгөчө майрам болду. Балдарынан белек алган аксакал аларга бата бергенден тажабайт.

Тенти Тамашаев Улуу Ата Мекендик согуш убагында эки жолу согушка барып, биринчисинде 1942-жылы ноябрь айында жарадар болгон. 6 ай госпиталда дарыланып, 6 ай айылы Талды-Сууда балдак менен жүрүп, балдарды окутуу менен алектенгенин эскерет. 1944-жылы экинчи жолу фронтко аттанып, Берлинди алганда 3 күн Рейхстагда түнөп, жеңиштин туусун саюу аземинин күбөсү болгон. Эмгегинин арты менен И.Сталин менен Г.Жуковдун ыраазычылык каттарын алып, аман-эсен кайтып келди. Ошондой эле Уулу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвада уюшулган тарыхый парадга катышып, В.Путинден сый көрүп кайткан.

Тенти Тамашаевдин өмүр жолундагы урунттуу учурлар:

- 1937-жылы Караколдогу педагогикалык окуу жайга кирип, 1938-жылы аяктагандан кийин Долон айылындагы мектепте мугалим болгон;

- 1941-жылдын 6-декабрында фронтко аттанган;

- 1942-жылдын ноябрь айында Сталинград согушунда жарадар болуп, 6 ай госпиталда жаткан. 1944-жылдын жазына чейин жаракатынан айыкканча мугалим болуп иштеген;

- 1944-жылы экинчи ирет фронтко кетип, 153-аткычтар дивизиясында согушка кирип, ротанын парторлугуна чейин жеткен. Ал Варшаваны бошотууга катышты;

- 1945-жылдын 3-майында роталаштары Рейхстагдын чокусуна туу сайганына жана өзү ротасы менен коштоп жүргөн майор Анна Никулинанын канцелярияга туу сайганына күбө болгон. Ошол күнү Советтер Союзунун маршалы Г.Жуковдун Жеңиш менен куттуктаганын өзүнөн угуп, колунан ыраазычылык кат алат.

- 1945-жылы күзүндө фронттон кайтып, райкомпартияда инструктор кызматына орношкон;

- 1946-жылы партиялык мектепти аяктап келгенден кийин Ысык-Көл облустук компартиясында инструктор болуп эмгектенет. Фронтто партиялык такшалуудан өткөнүнүн пайдасы тийип, камчы салдырбай иштеген;

- 1952-жылы Пржевальск шаардык комитетинде партиялык уюмдун катчысы болуп эмгектенип жатып, биринчи катчы кызматына көтөрүлөрдө эл душманынын кызына үйлөндү деп жогорку партиялык уюмга арыз түшкөн. Тенти ата өмүрлүк жолдошу Сакып энени кызматынан жогору коюп, кызматтан баш тарткан. Жубайлар 4 уул, 2 кыздуу болушту;

- 1959-жылдан тартып 10 жыл Түп райондук «Коммунисттик эмгек» гезитинде жооптуу кызматтарда иштеп, андан кийин жердештери ардактуу эс алууга чыкканга чейин башкарма, партиялык уюмдун катчысы кылып шайлап алышкан;

- 2015-жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвада өткөрүлгөн тарыхый парадга катышып, Россиянын президенти В.Путиндин кабыл алуусунда болгон. Ал 94 жаштагы Тенти Тамашаевдин ден соолугуна таң берген;

- 2018-жылы 9-майда «Түп районунун ардактуу атуулу» наамы тапшырылды.

Сакып апа 2001-жылы көз жумгандан бери Тенти ата келини Саадаттын колунда. Келини өз баласындай багып жатканы үчүн алкыш айтып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×