Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТүп району 03.02.2019 18:20 На русском

Апасын куткарып, аны зордуктоого аракет кылган айылдашын сабап өлтүргөн Бекнурдун тагдыры чечилди

Turmush -  Түп районунда 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылганда токмоктолуп көз жумган Айбектин (ысымы өзгөртүлдү) өлүмү боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин 4-бөлүмү (жабырлануучунун денесине өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен козголгон иш тергелип бүтүп, райондук сотто каралды. Чечим чыгарган отурум 2018-жылдын декабрь айында болгон.

- Жабырлануучу — 30 жашында көз жумган Айбек;

- айыпталуучу — Бекнур (ошол учурда 29 жашта);

- негизги күбө — Бекнурдун апасы Бегимгүл (78 жашта).

Соттун токтомундагы маалымат боюнча, айыпталуучу — Бекнур (ысымы өзгөртүлдү) 1989-жылы төрөлгөн, жергиликтүү жашоочу. Билими толук эмес орто, үй-бүлөлүү жана эч жерде иштебейт. Окуядан кийин Каракол шаарындагы абакка убактылуу камакка алынган.

Окуя 2018-жылдын 7-октябрында саат 19.00 чамасында болгон. Түп районундагы айылдын 78 жаштагы жашоочусу Бегимгүл (ысымы өзгөртүлдү) үйүндөгү өзүнүн бөлмөсүндө эс алып жаткан. Анын бөлмөсүнө мас абалдагы айылдашы — 1988-жылы төрөлгөн Айбек кирип, Бегимгүлдүн шымын айрып, күч менен чечип баштаганда болгон күчү менен жардам сурап кыйкырган. Ошол учурда Бегимгүлдүн уулу Бекнур кирип, апасына кол салган жигитти тепкилеп баштаган. Айбек ал учурда катуу жаракат алып, Түп аймактык ооруканасында каза болгон.

2018-жылдын 25-октябрында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен маркум денесиндеги оор жаракаттын кесепетинен каза болгону аныкталган. Ошондой эле айыпталуучуга карата соттук-психиатриялык жана соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Анын корутундусунда: «Кылмыш кылган убакта кыймыл-аракеттерине жооп бере албайт. Психиатриялык ооруканадан дарыланууга тийиш», - деп жазылган.

Айыпталуучунун жактоочусу отурумда аны жоопкерчиликтен бошотуп, ооруканага жөнөтүүнү суранды. Ошондой эле Түп районунун прокурорунун орун басары бул өтүнүчтү негиздүү деп атап, толугу менен канааттандыруу зарылдыгын айткан.

Иштин ичиндеги топтолгон далилдерди изилдеп, соттук процесстин катышуучуларынын пикири угулгандан кийин төрагалык кылган судья өкүм чыгарды.

Өкүмдө: «Эксперт-психиатрлардын сунуштамасы боюнча айыпталуучуга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 91-беренесиндеги 2-пункт менен көрсөтүлгөн медициналык дарылоого мажбурлоо чарасы колдонулушу керек. Акыл-эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда психикалык өнөкөт оорусунун, психиканын убактылуу бузулушу, кем акылдыгынын же психикасынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп бере албаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. Сот шектүүнүн акыл-ээси соо эмес болгондуктан ага карата козголгон кылмыш ишти кыскартып, байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлоо чараларын колдонууну туура деп эсептейт.

КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин 4-бөлүмү менен козголгон иш айыпталган адамдын акыл-эси соо болбогондуктан өндүрүштөн кыскартылсын. Айыпталуучу Бишкек шаарындагы Республикалык психиатриялык ооруканага дарыланууга жайгаштырылсын», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×