Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.02.2019 17:56 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Облустук сот Чыңгыз Кондубаевди 5 жылга кести

Turmush -  Бүгүн, 1-февралда Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук сотунун жыйынында жол кырсыгынан каза болгон Сания Шакированын өлүмү боюнча иш каралды. Соттук отурум судья Д.Молдакуновдун төрагалыгы менен өткөрүлдү. Анда бул иш боюнча айыпталып, эркинен ажыратылган Чыңгыз Кондубаевдин жактоочусу Ысык-Көл райондук сотунун 2018-жылдын 13-сентябрындагы өкүмүнө макул болбой, Ч.Кондубаевдин жаза өтөө мөөнөтүн 9 жылдан 5 жылга чейин төмөндөтүүнү өтүнгөн арызы каралды.

Маалым болгондой, Сания Шакированын иши бонча отурум Ысык-Көл облустук сотунда ачык жыйын катары өттү. Иштин материалын карап чыгып, эки тараптын пикирин уккандан кийин Ысык-Көл облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүүнү, ошондой эле Ч.Кондубаевди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 135-297-беренелеринин негизинде эркинен ажыратып, 2 жыл транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу чечимин кабыл алды. Мындан тышкары жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 400 миң сом өлчөмүндө моралдык зыян төлөп берүү чечими чыгарылды. Ысык-Көл облустук соттун чечимине Жогорку сотко бир жылдын ичинде даттануу укугу бар. Калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды.

Сотто Сания Шакированын апасы билдиргендей, алар облустук соттун чечимине боюнча Жогорку сотко даттанышат.

«3 бала апасы жок калды. Саниянын өлүмүнөн кийин менин жолдошум Саниянын атасы жүрөк оорусу кармап кайтыш болду. Биздин үй-бүлө азыр оор кырдаалды башынан өткөрүп жатат. Мен соттун чечимине канааттанган жокмун. Жогорку сотко арызданабыз», - деди ал.

Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү:

Ысык-Көл райондук соту Вьетнамдагы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Чыңгыз Кондубаевди транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан 3 жылга ажыратуу менен 10 жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Мындай өкүмдү 2018-жылы 13-сентябрда судья Айнура Шаршенбиева окуган болчу.

Кылмыш иштин материалын карап чыгып, Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Ч.Кондурбаевди сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 181-бернесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа айдоо укугунан 3 жылга ажыратып, аны 9 жылга кести. Ошондой эле аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа башкаруу укугунан 3 жылга ажыратып, 7 жылга кести.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 29-беренесине ылайык, сот акыркы жаза катары аны 10 жылга эркинен ажыратып, транспорттук каражаттарды айдоо укугунан 3 жылга ажыраткан.

Жаза мөөнөтү 2018-жылдын 6-июнунан тарта эсептелет. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча Ч.Кондубаевдин камакка алынганы 2018-жылдын 6-июнунан 27-июнуна чейин, ошондой эле чечим күчүнө киргенге чейинки, тактап айтканда 30-августка чейин камакта болгон ар бир күнүн 3 күн катары эсептөө каралды. Ошондой эле КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Ч.Кондубаевдин үй камагында болгон 2018-жылдын 27-июнунан 30-августуна чейинки күндөрүн эки күндү камакта жаза мөөнөтүн өтөөдө бир күн катары эсептөө каралды.

Мындан тышкары, Насипа Мамбеталиеванын моралдык зыянды өндүрүү тууралуу доосун судья жарым-жартылай канааттандырып, ага келтирген моралдык зыян үчүн Ч.Кондурбаевден 2 млн сом төлөтүү чечими кабыл алынган.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×