Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.02.2019 16:40 Жаңыланды: 01.02.2019 18:57 На русском

Балыкчыда аскердик кызмат өтөп жүргөн Э.Бактыбеков 6 айдан бери дайынсыз. Апасы эмне дейт? (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүмчөнүн командири Эмилбек Бактыбеков 6 айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын апасы Майрамкан Үсөнова билдирди.

Анын айтымында, алар Кара-Суу районунун Төлөйкан айылынан болушат. 1994-жылы туулган уулу Эмилбек Бактыбеков 2016-жылы Казакстандан аскердик окуу жайын бүтүп келген. Андан кийин Кой-Таш аскер бөлүмчөсүндө келишим менен кызмат өтөгөн. 2018-жылы апрель айында Балыкчы шаардык аскердик бөлүмүнө которулуп, кызматын уланткан. Ал жактан лейтенант, ага лейтенант наамын алган.

«2018-жылдын 24-июлунда сыйлык алып, бизге телефон чалып, кубанычы менен тең бөлүшкөн. Ошондо ал аны Ошко которуп жатканын айткан болчу. Андан 3 күн өткөндөн кийин, 27-июлда мен кайра байланышсам уулум телефонду алып, «Апа, апа» деп 2 жолу айткандан кийин эле байланыш үзүлүп калды. Кийин 2-августта атасы менен сүйлөшүптүр. Ал «бүгүн уулуң менен сүйлөштүм, карыздарым бар эле, төлөп коюңузчу деди», деп айтып келди. Ошондон кийин уулумдун телефону такыр иштеген жок.

Кийин атасы Балыкчыга барып, анын кийимдерин алып келди. Ал жерден «балаңыз эмгек өргүүгө чыккандан кийин дайынсыз болуп жатат, биз эч нерсеге жооп бере албайбыз» деп айтышыптыр. Андан бери 6 ай өттү. Дайынсыз болгондо эле Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазганбыз, жыйынтык боло элек. Ошондон бери менде уйку жок. Баламдын кайда экенин билбейм», - деди апасы.

М.Үсөнова уулу Эмилбек Бактыбековду көргөндөр болсо 0771 74 76 23, 0779 23 72 81 (ата-энеси) номурлары аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×