Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.02.2019 15:42

Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын окуу борбору ишке кирди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында бир ай мурун ачылган окуу борбору толук кандуу иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган окуу борбору ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен эрте ажыраган балдарга арналган. Ошондой эле мектептин максаты айылдагы окуучулардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүү болуп саналат.

«Жологон» коомдук фондунун жетекчиси Барчынбүбү Токторбаеванын айтымында, мектепте ал комуз, кол өнөрчүлүк, тикмечилик, бий боюнча акысыз ийримдерди ачып, окуучуларды кабыл ала баштады.

Мындан сырткары аз камсыз болгон энелерге тикмечиликти үйрөтүп жатат. Жаңы иштеп баштаган борбор менен Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жана борборго жардам көрсөткөн адамдар чакырылып, иштин жүрүшү менен таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×