Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.02.2019 15:02 На русском

Ак-Сууда кар калың жаагандыктан жолдорду тазалоого кошумча техникалар тартылды

Turmush -  Ак-Суу районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу жолду кардан тазалоо үчүн кошумча техникалар тартылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өзгөчө Ак-Булуң, Шахта-Жыргалаң айыл өкмөтүндө кар калың. Ал эми Чоң-Ашууда бороон болуда. Мындан улам жолду кардан тазалоо үчүн жакынкы райондордон техникалар тартылууда.

«Кардын калыңдыгы 30-40 см жетти. Техникалар жолдорду тазалап жатат. Учурда 12 техника бар. Кошумча Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынан бир автогрейдер тартылды. Эми Ысык-Көл районунан дагы техника келет», - деди №11 жол чарба ишканасынын жетекчиси Т.Жаныбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×