Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.02.2019 11:23 Жаңыланды: 02.02.2019 09:57

Өзгөчө ысымдар: Кайын журтум атымды укканда «космостон келин алдык» дешкен, - Ысык-Көлдүн тургуну (сүрөт)

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат.

Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат.

Жети-Өгүз районунун 55 жаштагы тургуну Космоскүл Усупова ысымы тууралуу айтып берди.

«Мектепте окуп жүргөндө классташтарым мени «Планета» деп эркелетип коюшчу. Өзүм дагы астрология сабагына кызыгып, жакшы окучумун. Мындай өзгөчө атым менен курбуларымдын арасында барктуу болчумун. Кийин турмушка чыкканда дагы кайын журтум «космостон келин алдык» деп айтып калышчу», - дейт ал.

Анын айтымында, ал бир нече жылдан бери Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүндө тазалык кызматкери болуп иштеп келет.

«Төрөт үйүндө көз жарган айымдардын жолдоштору же туугандары алгач менден сүйүнчү угушат. Мындан улам мени кесиптештерим акжолтой адис деп айтып калышат. Өз ишимди жакшы көргөндүктөн бул кызматта көптөн бери эмгектенип келем.

Конокко барганда кээ бир адамдар «Эмне үчүн атыңызды Космоскүл деп коюшкан?» деп сурап калышканда: «Космоско учкан күндүн урматына төрөлүптүрмүн» деп айтым калам», - дейт 3 баланын апасы Космоскүл Усупова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×