Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуТоң району 01.02.2019 10:43

Тоңдогу рейдде көлдөн балыкка салынган 850 метр тор алынды (сүрөт)

Turmush -  Браконьерликке каршы 3 айлык жарыялангандыгына байланыштуу Тоң районунун аймагында 28-январда рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирилди.

Маалыматка караганда, рейд Тоң айыл аймагынын Сары-Талаа учаскасынан Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Талаа учаскасына чейин комиссия тарабынан рейд жүргүзүлдү. Комиссиянын курамында Тоӊ районунун мамлекеттик адиминистрациясынын экономиканы өнүктүрүү секторунун башкы адиси У.Баялиев, акимиаттын экономиканы өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси А.Молдошбеков, Кажы-Сай, Тоӊ, Б.Мамбетов, Ак-Терек айыл аймактарынын башчылары, Экотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы, Ысык-Көл, Тоӊдогу өкүлдөрү кирген.

Рейддин алкагында Кытай мамлекетинен өндүрүлгөн 17 даана 850 метр өлчөмүндөгү түймө тору көл ичинен алынып, акттын негизинде Экотехинспекциянын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×