Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.02.2019 10:03

Жети-Өгүздө өткөн жылы чабал иштеген жетекчилерге эскертүү берилди (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коллегияда маалым болгондой, райондо 2018-жылы 9 ишкана ишке берилип, 63 адам иш менен камсыз болгон. Андан сырткары, «Ысык-Көл ресурс» ишканасы дагы ачылылып, 125 адамга жумуш орду түзүлдү. Ак-Дөбө айылында кореялык уюмдун колдоосу менен айыл чарба кооперативи уюштурулду.

Ошондой эле, жыл ичинде жалпы 159 млн 464 миң сом тышкы инвестиция, 70 млн 079 миң сом ички инвестиция тартылып, демөөрчүлөрдүн эсебинен 12 млн 812,5 миң сомго иштер аткарылгандыгы белгиленди.

Ал эми социалдык тармак боюнча райондо билим сапаты өткөн жылга салыштырмалуу 1%га жогорулап, облуста 3-орунга ээ болду. Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 8 ординатор 2 жылдык келишимдин негизинде тартылган. 2017-жылы 97551 адам болсо, 2018-жылы 106 миң 905 адам кайрылган. 2018-жылыдын 12 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 457 млн 264,9 миң сом болду. 2017-жылга салыштырмалуу 393,2 миң сомго көп өндүрүлүп, өсүү темпи 104,9%ды түзгөндүгү айтылды.

Коллегияда ошондой эле, Ырдык, Кызыл-Суу, Жаргылчак айыл өкмөттөрүнүн башчылары А.Дыйканбаевдин, М.Алымовдун, А.Жаныбековдун жана райондук социалдык өнүгүү башкармасынын башчысы С.Абдыкалыковдун, райондук салык кызматынын башчысы К.Аджиевдин 2018-жыл ичинеде турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча алып барган иштерине жакшы деп баа берилди.

Ал эми Липенка, Оргочор, Тамга, Саруу айыл аймактарынын башчылары У.Докоевдин, Т.Үсөналиевдин, Д.Абдрахмановдун жана райондук электр тармактар ишканасынын башчысы К.Аттокуровдардын турак жайларды камсыздандруу боюнча эмгек жамааттарында аткарган иш аракеттери жетишерлик эмес деп белгиленип, бул жылы ишти жакшы аткаруу боюнча эскертүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×