Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 01.02.2019 08:49

Ысык-көлдүк Э.Казакбаев согушта дайынсыз болгон чоң аталарынын сөөгү коюлган жерди тапты (сүрөт)

Turmush -  1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип дайынсыз болгон чоң аталарыбыз Турсалы, Ырсалы Казакбаевдердин дарегин 6 жылдан бери издөө жүргүзүп жатып таптык, деди Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну Эрлан Казакбаев.

Анын айтуусу боюнча, агасы Максат экөө интернет булактарынын баарына кайрылышкан. Жакынкы арада социалдык тармактардын биринен Россиянын Смоленск облусунан Чернышев Александрдан телефон аркылуу кат келет.

«Анда бири орусча, бири немисче жазылган катты салып жибериптир. Андан тышкары кенже сержант Ырысаалы Казакбаевдин (1899-жылы Талды-Суу айылында туулган) сүрөтүн суратканда жогорудагы сүрөттү жиберсек Смоленск облусундагы Духовшина шаарындагы мемориалдык комплекске илип коюшуптур. Сүрөтүн салып жиберди.

Ошентип, 1943-жылы 26-августта каза болгон чоң атабыз Ырысаалы Казакбаевдин өлгөн жана көмүлгөн жери, тургузулган эстелиги белгилүү болду. Неберелери барып, куран окутуп, туулган жеринин топурагынан алып барып сала келели деп жатабыз», - дейт Э.Казакбаев.

Анын айтымында, россиялык боордоштор чоң аталарынын дайынын табууга көмөктөшүп жатышат.

«Ал эми Ырысаалынын бир тууган агасы Турсаалынын 1943-жылдын 14-январында өлгөндүгү тууралуу фактылар табылганы менен кайдан өлүп, кайсы жерде коюлганы белгисиз бойдон калууда. Рахматтан башка эч нерсе айта албайбыз. Россиялык боордоштор Турсаалы чоң атабыздын дайынын табууда дагы да тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Эгерде кимдир бирөөнүн чоң аталары согушка кетип, дайынсыз болсо Чернышев Александрга 89 056 997 667 телефон номуру менен байланышсаңар болот», - деди Эрлан Казакбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×