Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.02.2019 08:30 На русском

Балыкчылык аял 2 кызынын чачын уруксаты жок кырккан чачтарачты сабап салды

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну анын уруксаты жок 2 кызынын чачын кырккан чачтарачты сабап салды. Бирок жабырлануучу аны кечирип, ага доосу жок экенин айтты.

Бул иш боюнча материалдар Балыкчы шаардык сотунда каралган. Кылмыш иштин негизги фигуранты Балыкчы шаарында убактылуу жашап жаткан Чүй облусунун Кемин районунун 1967-жылы туулган тургуну Тамара [К.Т. аты өзгөртүлдү] болуп, ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен («ээнбаштык») айып тагылган. Тамара эч жакка кетпөө жөнүндөгү кол каты менен жүргөн.

Тергөө органдарына маалым болгондой, 2018-жылдын 22-майында Тамара Балыкчы шаарынын Ысык-Көл көчөсүндө жайгашкан чачтарачтардын бирине келип, Элвира [А.Э. аты өзгөртүлдү] аттуу кызматкер анын уруксаты жок эки кызынын чачын кырккандыгын айтып, цензурага жатпаган сөздөр менен урушуп, себепсиз эле ал кызматкерге кол көтөрүп баштаган. Алгач Элвираны чачынан кармап, жерге жыгып, башына соккон. Анын денесине жаракат келтиргенден кийин Тамара окуя болгон жерден кетип калган. Ал эми Элвира Балыкчы шаардык ооруканага медициналык жардам сурап кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Элвиранын ден соолугуна жеңил жаракат келтирилгени аныкталган.

Андан кийин бул иш боюнча соттук отурумда ал айыпталуучуга карата доосу жок экенин айтып, кылмыш ишин токтотууну өтүнгөн. Анын айтымында, ага келтирилген зыян төлөнгөн жана ал айыптоодон баш тарткан. Ал эми Тамара өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, соттон экинчи тараптын өтүнүчүн канааттандырууну суранган.

Сот кылмыш иштин материалын толугу менен карап чыгып, кылмыш ишти токтотууга толук негиздер бар экенин аныктаган. КРнын Кылмыш жаза-кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүмү менен каралган кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 10-беренесине ылайык анча чоң эмес кылмыштардын категориясына кирет. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык козголгон кылмыш иши жабырлануучунун айыпталуучуну ачык айкын күнөөлөөдөн баш тартуусунун негизинде токтотулган. Сот өзүнүн чечими менен кылмыш ишин токтоткон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×