Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуТүп району 01.02.2019 08:10 Жаңыланды: 01.02.2019 18:35 На русском

Мекендештер: Медакадемияда мугалимди пара менен карматкан 31 жаштагы Нурбек чет өлкөдө хирург болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 31 жаштагы Нурбек Мукашов. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Учурда Россиянын Иркутск облусунун Братск шаарында дарыгер болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө эле дарыгер болууну кыялданчу. Мектепти бүткөн соң 2006-жылы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Коомдук саламаттыкты сактоо факультетинде, андан кийин Дарылоо иши факультетинде бюджеттик негизде окуган.

«2007-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алып, 2013-2015-жылдары Улуттук хирургия борборунда хирургия боюнча клиникалык ординатураны бүткөм. Кесибим боюнча хирургмун.

Студент кезимде кыйын күндөр көп болду. Акча жок болгондуктан ачка калган учурларым болгон. Анысы аз келгенсип кээ бир мугалимдер сессия учурунда акча бермейинче баа койбой койчу. 2009-жылы менин демилгем менен КММАда бир мугалим пара менен кармалып, жумуштан кеткен болчу. Мурда окуу жайдагы коррупция кадимкидей эле көрүнүш эле. Азыр ага катуу бөгөт коюлуп жатат деп угуп калам.

Ошентип өз күчүм менен кыялымдагы окуу жайды аяктап, учурда кесибим менен иштеп, үй-бүлөмдү багып жатам. Мен эмгек жолумду 1-курска тапшырганда эле баштагам десем болот. Анда медициналык мекемелерде түнкүсүн нөөмөт болгондуктан мен күндүзү окууга барып, түнкүсүн нөөмөткө туруп иштечүмүн. Андан кийин санитардык кызматкер, медициналык кызматкер, тез жардам кызматында дарыгер болдум», - дейт ал.

Анын айтымында, жумуш учурунда кызыктуу окуялар көп болот.

«Медициналык окуу жайды толук аяктагандан кийин 2015-жылы Ысык-Көл облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө хирург болуп жумушка орноштум. Иш учурунда ар кандай окуялар болот. Бир жолу түнкү нөөмөттө иштеп жатсам бутунун чоң кантамырына бычак тийип, көп кан кетип, кан басымы төмөндөп, эс-учун жоготуп, көчөдө 10 сааттай жатып калган адам түштү. Мындай учурда бейтапты тирүү сактап калуу үчүн хирургдар дароо бутун кесишет. Мен болсо анын эс-учун жоготуп, 10 саат жатып калганына карабай, анын бутунун кан тамырын тигип, операция жасагам. Жаш адис болсом дагы оор абалдагы бейтапка операцияны ийгиликтүү жасап, аны тирүү алып калгам. Бейтап жакшы болуп, өзүнүн буту менен басып чыгып кеткен.

2017-жылы Ысык-Көл облустук ооруканадан 10дон ашык жаш дарыгерлер жумуштан кеткенбиз. Россияга келүүмдүн негизги себеби дагы маянамдын аздыгы болду. Россиянын сертификатын алгандан кийин бул жакка мамлекеттик программа менен келгем. Ал бизге абдан ыңгайлуу, анткени бизге 500 миң рубль берилет, андан тышкары жол кире, үйдүн ижара акысы жана башка ушул сыяктуу жеңилдиктер бар. Азыр Россияда тажрыйба топтоп, эмгектенип жатам. Кудайга шүгүр, 2 жылдын ичинде унаа алып, үй курууга жетиштим. Мага окшоп келгендердин саны жыл сайын көбөйүүдө, дарыгерлерге жакшы шарт түзүлгөн. Жашаган үйүңдүн акысын төлөп, социалдык көйгөйлөрүңдү чечип берет. Эң башкысы кадрды баалашат. Кыргызстандан келген дарыгерлердин билими күчтүү болуп, тил жагынан кыйналбагандыктан жумушка бат эле орношуп алышат.

Бир жолу 85 жаштагы апа перитонит (өттүн жарылып кетүүсү) диагнозу менен келип түштү, ачыгын айтканда анын операциядан аман чыгарына эч ким ишенген эмес. Анткени сүйлөгөнгө алы келбей, оор абалда түшкөн. Операция 4 саатка созулду, андан кийин 3 сутка комада жатып өзүнө келди. Бейтаптарды текшерип жаткан учурда ал апанын абалын сурап: «табитиңиз кандай?» десем «карышкырдыкындай» деп күлдүргөн», - дейт Н.Мукашов.

Нурбек Мукашовдун жубайы Нурпери эки жогорку билимдин ээси. Алардын 3 жаштагы уулу бар. Келечекте Кыргызстанга кайтып иштөөнү пландайт. Ошондой эле өзүн медицина илимдерин изилдөөгө арнасам дейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×