Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Талас облусу, Талас 31.01.2019 13:15

Элдик уламыш: Кытай-араб согушу, исламдын өнүгүшү, «талаш», «тал аз» деген сөздөр: Талас өрөөнүнүн аталышы жана таржымалы

Turmush -  Талас өрөөнү суу көп өзөн болгондуктан Талас деп айтылып калган. Илимде ушул сыяктуу болжолдуу маалыматтар бар экенин тарых илимдеринин кандидаты Моймол Жусупова жана тарых сабагынын мугалими Акчал Атагулов билдирди.

Маалыматка караганда, Талас деген аталышты ар ким ар кандай божомолго таянып чечмелеп жүрүшөт. Эл ичинде көбүрөөк Талас «талаш» деген сөздөн аталган деген версия айтылып жүрөт. Мында Манас атабыздын убагында бул жер талашка түшүп, Манас атабыз ээлеп калып, башкалардан коргогон делет. Элдик санжыраларда тал аз (тал — дарактын түрү) деген сөздүн маанисине такалган вариант дагы бар. Илгери бул жер арча-кайыңдуу жана карагай өскөн чытырман токой болгон экен. Бирок талдар аз болгон. Ошондуктан тал аз жер кийин Талас аталып кеткендиги айтылат. Дагы бир айтылган вариантка караганда, талаа аз дегенди билдирет. Илгери бул жердин көпчүлүк аймагын саз каптап турган. Мисалы жакынкы Кең-Арал айылы саздуу болуп, калган жерлеринде токой, тоо болгон. Ал эми тегиздик же талаа аз болгон деп айтылат.

Талас этимологиясы иран-согдийлик жана синкреттик топтордо дагы кездешет. Мааниси боюнча «тал» — бул дөбөчө, бийиктик дегенди, ал эми «ас» — суу, дарыя (самодийлик вариант) деген маанини билдирет. Башкача айтканда, тоодон же дөбөдөн шар агып түшкөн сууну түшүндүрөт. Бул аныктама Талас өрөөнүнүн географиялык абалына туура келет. Себеби Таластын дал ортосунан Талас дарыясы агып турат. Ага ар кайсы тоолордон суулар агып келип куят.

Грек тилинен чечмелей келгенде Талас — бул суу дегенди түшүндүрөт. Медицинада талас ари деген бар. Ал суу менен дарылоо деген маанини туюндурат. Анда суу азыркыдан дагы көп болгон. Чөл басып казактар тараптан келгендер Таластын аймагына жеткенде шаркыраган сууларды көрүп, «суулуу жер» экен деп, картага Талас деп түшүрүп коюшкан. Андан кийинки орто кылымда «тал» деген сөз «бийик» деген түшүнүктү берет. Ал эми «ас» «суу» дегенди билдирет. Кыргыз элинин «Манас» эпосунда дагы «тал» деген термин Тал-Чоку, Чоку-Тал деген жер аттарында кездешет. Мааниси тоонун эң чоң чокусу деп айтылат.

«Манас» үчилтигинде Талас деген жердин аты Манас баатырдын ордосу, кыргыз элинин мекени катары сүрөттөлөт. Азыркы мезгилдерде чыгыш Моңголияда да Талас деген өрөөн бар. Ал жакта дагы дал ушул биздин Таласка окшош болуп суулар агып турат.

сүрөттөр интернеттен алынды

Талас шаарынын таржымалы:

Орустардын келиши менен жалпы Талас өрөөнүндө Дмитриевка, Алексеевка, Покровка деген кыштактар пайда боло баштаган. Орустар өздөрүнүн ыңгайына туура келген жерлерди тандап отурукташкан. Анткени Россия саздак жана токойлуу жер экендиги белгилүү. Ошондуктан орустар саздуу, токойдун чети, суунун бойлоруна жайгашышкан. Ага чейин азыркы жер Ак-Чий деп аталган. 1877-жылы Ак-Чий расмий түрдө каттоодон өткөн. Кийин М.М.Густевдин демилгеси менен чиркөө мектеби ачылган. 1889-жылы үйлөрдүн саны 50дөй болуп, ошол жылы чиркөө салынган. Чиркөө толугу менен 1891-жылы бүткөрүлгөн. Чиркөөгө Дмитрийдин аты коюлуп, ал айыл Дмитриевка айылы деп аталып калат. Дмитриевка кыштагы 1944-жылдын 22-июнунан тартып Талас шаары болуп өзгөртүлгөн. Бул үчүн Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин атайын буйругу чыгарылган.

Талас облусунун энциклопедиясында (Бишкек 1995) 1864-1874-жылдары Кыргызстан Россиянын курамына кошулгандан кийин дыйкандарды көчүрүү саясаты жүргөндүгү айтылат. Россиянын борбордук аймагынан Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарына дыйкандарды көчүрүшкөн деп жазылат. 1902-жылы орус мектеп ачылган.

Талас өрөөнү тарыхый булактарда:

Талас өрөөнү жазуу булактарында VI кылымдарда белгилүү болгон. VI-XIV кылымдарга тиешелүү 5 шаардын 50дөн ашык эл жашаган пункттардын калдыктары табылган.

1. Жоон-Дөбө шаар чалдыбары.

2. Шелжи.

3. Кул (Орловка шаар чалдыбары)

4. Сус.

5. Текабет (Ак-Дөбө).

Жогоруда аталган шаар чалдыбарларында күмүш, коргошун иштетилген. Кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Археологиялык казууларга караганда Текабет шаар чалдыбарынын орду азыркы Талас шаары жайгашкан аймак. Ал жердеги калктын саны 10 миңден да ашкан. Текабет шаары X-XII кылымдарда экономикалык-маданий жактан өнүгүп, моңгол-татарлардын баскынчылык салгылашуусунан талкаланган. XVIII кылымдын аягы XIX кылымдын башында талкаланган шаардын ордуна Ак-Чий деген аталыш менен жаңы кыштакча пайда болгон. Кийин Ак-Чий Талас шаары болуп өзгөргөн (Текабет Талас шаарынын орто кылымдагы аты).

Гунндар менен кытайлардын согушу өткөн жер:

Талас деген ат боюнча илимий негиздерге токтолсок. Бань Гунун тарыхында (кытай тарыхчысы) Талас жөнүндө маалымат биринчи жолу биздин заманга чейинки 36-жылы эскерилет. Мында Долос деген ат менен айтылат. Анткени биздин заманга чейин 36-жылы бул жерде Талас салгылашуусу болгон деп айтылып жүрөт. Анда гунндар менен кытайлардын ортосунда салгылашуу болгон. Ал салгылашуу азыркы Чат-Базар жана Манас айыл аймагында өткөн. Демек Талас деген сөз буга чейин пайда болгон. Бул Геродоттун китебинде, кийин Рим тарыхчылардын китебинде, карталарында дагы Талас деп түшүрүлгөн. Талас «Тараз» дагы болуп өзгөрүп кетип жатканы маалым. Иран тилинде булар «Талас» «Тараз» деп өзгөртүп, кийин орто кылымдын тарыхында картага түшүп калууда. Демек гректер Талас аймагы аркылуу өтүп, картага түшүрүп кетишкен.

Чеп-Таш — Каңгүй мамлекети менен Усул мамлекетинин чеби болгон. Анткени Талас маданияты Каңгүй мамлекетине көбүрөөк тиешелүү болот. Себеби ал Чеп-Таштан ылдый жагы Каңгүй мамлекетине, жогору жагы Усун мамлекетине караган. Эки мамлекеттин ортосун бөлүп турган таш болгон. Себеби Каңгүй мамлекети гунндар менен сүйлөшүп Чжн-Чжи Шаңгүйдү колго алып, ал Усундарга каршы Чжн-Чжи Шанүйдү пайдаланмак болгон. Бул жерге келип эки мамлекеттин ортосунан жер берип, кулдарды алып келип, чеп курдурган деген сөз бар. Азыркы дыйкандар да «ошол тарап таштуу» деп айтышат. Бир мезгилдерде ал чеп бийик болгон.

Таласта кытайлар менен арабдар согушкан:

Кытайлардын карталарында Атлах салгылашуусу белгиленип калган. Ал салгылашуу азыркы Жоон-Дөбө айылында болгон делет. Биздин замандын 751-жылы бул жерде кытайлар менен арабдар салгылашкан. Арабдар келип Талас шаарын ээлешкен. Катуу салгылашуу болуп, арабдар өздөрүнүн Орто Азияга болгон чабуулун токтотуп коюшкан. Кытайлар болсо катуу алсырап, көп адамдарынан ажырап, кайра артка чегинип кетишкен. Ошону менен кытайлар 751-жылдан 1751-жылга чейин (дээрлик 1000 жылга жакын) келген эмес. Салгылашуунун тарыхый чоң мааниси бар. Арабдар болсо кийин Кыргызстанга ислам динин тынчтык жолу менен тарата баштаган. Ошол салгылашуу биздин жерде ислам маданиятынын өнүгүшүнө жол ачкан.

Таластын Беш-Таш жайлоосу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×