Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 31.01.2019 12:05

Тоңдо 71,8 млн сомго бардык шарты менен курулган мектеп расмий ачылды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Шамей Токтобай уулу атындагы мектебинин 275 орундуу имараты расмий ачылды, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектептин жамааты, айыл эли, куруучулар катышты.

Маалым болгондой, мектеп 1936-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, 7 жыл мурда имарат авариялык абалда деп табылган. Ал эми жаңы имараттын курулушу 2013-жылы башталган. Куруу иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 71 млн 897 миң 439 сомду түзгөн.

«Мектептин жалпы аянты 1970 чарчы метрди түзөт. Анда 2 кабаттуу окуу имараты, спорт зал, откана, даараткана жана септик курулду. Ошондой эле мектептин айланасы курчалып, таманташ төшөлдү», - дешти куруучулар.

Мектепте учурда 545 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×