Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.01.2019 10:14

Жети-Өгүздөгү 7 айылда жалгыз бала бакча болгондуктан кезек күткөндөр көбөйдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагында жалгыз бала бакча болгондуктан кезек күткөндөрдүн саны көп болууда. Бул тууралуу «Бөбөктай Бай Эл» бала бакчасынын жетекчиси Акжолтой Абдрашитова билдирди.

Анын айтымында, аталган бала бакча 2015-жылы 150 орундуу болуп курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда анда 150 бала тарбияланып, 24 тарбиячы эмгектенет.

«Жети-Өгүз айыл аймагындагы 7 айылда жалгыз бала бакча болгондуктан кезек күткөн балдар көп болууда. Мындан улам кошумча имарат куруу маселеси каралып, учурда долбоор жазып жатабыз. Эгер долбоор ишке ашып калса дагы 100 бала кабыл алынып, 10 жумушчу оруну түзүлөөрү күтүлүүдө», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×