Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 09.02.2019 12:30 Жаңыланды: 12.03.2019 11:23 На русском

Айыл турмушу: Ысык-Көлдөгү 7 үй-бүлө эки кабаттуу күнөскана иштетип, айыл элине жардам берүүдө (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы 7 үй-бүлө биригип, күнөскана иштетип, сүт азыктарынан 10го жакын продукт чыгарып, кайрымдуулук иштерди жасап жатышат. Элеттиктердин жашоосу менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

Айыл тургуну Жайлоо Бектурсуновдун айтымында, 7 үй-бүлө 2012-жылы «Жаңы борбор» жамаатын түзүшкөн.

«Бул жамаатка ар бир үй-бүлөдөн экиден киши кирип, жалпы 14 адам мүчө болгон. Биринчи иш баштаганга чейин билим алуу керек. Ошондуктан ар кандай долбоорлор аркылуу билим алдык. Айылда сүт көп, анын 1 литрин 15 сомдон гана алышат. Биз сүттөн 10дон ашык түрдүү продукция чыгарып жатабыз. Ошондо 1 литр сүттөн 800 сом пайда түшөт», - дейт Ж.Бектурсунов.

Анын айтымында, түшкөн киреше элеттин өнүгүшүнө дагы жумшалат.

«Жамаат менен бирге экология таза болсун деп, балдарыбыздын келечеги үчүн көчөттөрдү отургузабыз. Айылга 2 миңден ашык көчөт тиктик. Бактарды курт-кумурска жебесин деп дайыма актап турабыз», - дейт ал.

Ошондой эле алар 5 айдан бери Ысык-Көл облусунун аймагында биринчи жолу эки кабаттуу күнөскана жасашкан. Ага 700 миң сомго жакын каражат жумшалса, анын 140 миң сомун насыя катары алышкан.

«Күнөскананы 5 айдан бери иштетип жатабыз. Бул жерде учурда помидор, бадыраң, лавр жалбырагы, жашылчаларды өстүрүп, түшүмүн күн алыс терип, сатыкка коёбуз. Бул күнөскананын уникалдуулугу анын эки кабаттуу болуп курулганында. Ал поликарбонат материалы менен капталып, күндүн энергиясы менен жылытылат. Эми ага экзотикалык жемиштерди өстүрүүнү пландап жатабыз. Күнөскана курууда 140 миң сомун насыя катары алдык. Ага жардам берген «Тамыр» ассоциациясынын жетекчиси Олег Турганбаевге ыраазыбыз. Себеби, иш баштоо алдында сөзсүз колдоо керек экен», - дейт ал.

Ал белгилегендей, сатуудан түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерге жумшашат. Жакында айылдагы ФАПка жылыткыч алып беришти. Ошондой эле муктаж үй-бүлөлөргө, ата-энесинен ажыраган балдарга жардам берип келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×