Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү бөбөктөргө Манасты 47 жаштагы Любовь таанытат (сүрөт)
Turmush - Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 47 жаштагы тургуну Любовь Саратова кыяландагы кесибин аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, ал кичине кезинде эле мугалим, тарбиячы болууну кыялданчу. Ал Кызыл-Суу айылындагы мектепте окуп, андан кийин Каракол шаарындагы педагогикалык колледжде билим алган. 1991-жылы окууну бүткөн соң, Кызыл-Суу айылындагы «Наристе» балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеп баштаган.
Л.Саратова учурда да аталган бала бакчада бөбөктөрдү эки тилде тарбиялап, аларга кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адаттарын үйрөтүп келет. Мындан тышары, «Манас» эпосун окуп, аны айтып берет.
Бала бакчадагы алдыңкы тарбиячылардын катарын толуктаган Любовь Саратова кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, ар кандай майрамдык иш-чараларда ырдап, «Манас» эпосунан үзүндү айтат. Любовь Саратованын 5-класста окуган Феликс аттуу уулу бар.