Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.01.2019 09:23 Жаңыланды: 30.01.2019 09:59 На русском

Барскоондогу төрөт үйүндө жарыкка келген ымыркай чарчап калган. Дарыгер имараттын сууктугуна нааразы (видео)

Turmush -  Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркай көп узабай чарчап калган. Аталган төрөт үйдүн имараты муздак, деп билдирди акушер-гинеколог Бактыгүл Иманкожоева.

Дарыгердин айтымында, ал бул мекемеде бир топ жылдан бери эмгектенип келет.

«Барскоон калкынын саны боюнча чоң айыл. Мурда биздин төрөтканага келип төрөгөн аялдардын саны арбын эле. Кийин көңүл бөлүнбөй, кышкысын жылуулук жетиштүү деңгээлде берилбей келгени дарыгерлердин катарында мени түйшөлтүп келет. Бул маселе боюнча райондук аймактык ооруканасынын башчысына эки ирет кат аркылуу кайрылып, тийиштүү жооп алган жокмун. Мындан улам кышкысын төрөт кабыл албай калгандай абалга келгенбиз.

2018-жылдын 8-ноябрында Барскоон айылынын 1977-жылы туулган тургуну А.Ш. бешинчи баласын төрөө үчүн кайрылган. Ал күнү мени үйдөн алып келишти. Ал келин төрөгөнгө даяр болуп калыптыр. Ошондо төрөттү кабыл албай койгонго болбойт эле, районго жетпей калмак. Салмагы 2,4 кг наристе төрөлүп, ошондо бөлмөдөгү температура +6 болгондуктан бала үшүп калды. Биз баланы энесинин көкүрөгүнө жаткырып, колдон келген аракетти кылдык. Бирок имарат муздак болгондуктан мен райондук оорукананын башчысынын орун басарына кайрылып, эне-баланы тез жардам унаасына салып жөнөттүк.

Эне-баланы Каракол шаарындагы ооруканага алып барышып, дарыгерлер тийиштүү жардам беришкен. Бирок бала ошол эле күнү чарчап калыптыр. Райондук ооруканада бул факты каттоого да алынган эмес. Мен дарыгер катары эми тийиштүү тараптарга кайрылам, анткени мындай окуя дагы кайталанышы мүмкүн.

Ошондой эле бизде дары-дармектер жетишсиз. Бул маселенин алкагында түзүлгөн комиссия төрөт үйүнө келип текшеришиптир. Бул учурда мен жок элем. Ошондо комиссия келе жатат деп жылыткыч сайып жатып, +20° деп жыйынтык чыгырышыптыр. Мындай калыс болбогон жетекчилерге нааразымын», - деди дарыгер.

Ал эми райондук оорукананын башчысы Канатбек Жумадылов төрөт үйүндөгү жылуулук +6 градус болчу деген маалымат чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Ымыркайга дароо тез жардам унаасы жиберилип, бала жолдон чарчап калганын жана дары-дармек жетиштүү экенин билдирди.

Райондук оорукананын дарыгери Чынара Атакеева да дарыгер Б.Иманкожоеванын айтканына кошулбайт.

«Анткени бала чарчап калгандан кийин тийиштүү комиссия жеринде текшерүү жүргүзүштү. Барскоон айылындагы оорукананын клиникалык жетекчиси Чолпон Бакирдинова 2018-жылдын октябрь айында жаңы дайындалган. Ал жетекчи болуп келгенде жылуулук маселе жаратып келсе, эми бөлмөлөрдө жылуулук туруктуу экенин айтты. Өткөн жылы 40ка жакын аял бул төрөт үйүндө көз жарганын белгиледи. Ал эми Барскоон төрөт үйүнүн дарыгери Бактыгүл Иманкожоева бул маселеге тийиштүү адистер көңүл бөлбөй жатканын айтып, мамлекет башчысына кайрыларын билдирди», - деди Ч.Атакеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×