Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.01.2019 18:07

Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-жылдагы жетишкендиктери (сүрөт)

Turmush -  Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев 2018-жылда аткарылган иштер жана бул тармактын жетишкендиктери менен көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, райондо жаңы курууга муктаж болгон авариялык абалдагы 8 мектеп бар.

Алар:

- Ново-Вознесеновка айылындагы М.Жусупов атындагы орто мектеп;

- Орлиное айылындагы И.Омельченко атындагы орто мектеп;

- Токтогул айылындагы А.Сыдыкбеков атындагы орто мектеп;

- Тепке айылындагы К.Жантошев атындагы орто мектеп;

- Боз-Учук айылындагы М.Чокиев атындагы орто мектеп;

- Ново-Константиновка айылындагы О.Элебесов атындагы орто мектеп;

- Кереге-Таш айылыдагы Ж.Алышбаев атындагы орто мектеп;

- Жаны-Арык айылындагы Жаңы-Арык орто мектеби.

«Райондо жалпы 35 мектеп бар, алардын экөө гимназия, 33ү жалпы орто мектеп. Мектеп окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышып, ийгиликтерге жетишип келишет. Алсак, Сооронбаева атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Ырымбеков Агдам 2018-жылдагы физика жана астрономия сабактары боюнча Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиадасына катышып, 4-орунга ээ болду.

М.Мамакеев атындагы мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айдакеев Жанарбек «Алтын тамга» республикалык сынагына катышып, Артыкчылык аттестатына ээ болду. А.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Урмат Узаков ЖРТдан 207 упай алды. «Билимкана» олимпиадасында англис тили сабагы боюнча С.М.Киров атындагы мектеп гимназиясынын 4-классынын окуучусу Имашева Айпери республикалык этаптын жеңүүчүсү аталып, баш байгеге ээ болуп, Англияга жолдомо алды.

«Америка ырлар сынагы-2018» сынагында Киров мектеп гимназиясынын 9-классынын окуучусу Мищенко Лена облустук сынакты жеңип, республикалык гала-концертке катышып, баалуу белектерге ээ болду.

«Менталдык арифметика» боюнча райондук турда жеңген окуучуларыбыз 2019-жылдын 04-январында Астана шаарында болуп өткөн эл аралык олимпиадада Д.Туратбеков атындагы Боз-Булуң орто мектебинин 7-классынын окуучусу Асакеева Адия 3-орунга жетишип, коло медалдын ээси болду.

Республикалык «Мен Чилистен» кароо- сынагында М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Асанкадыров Билим республикада 3-орунга ээ болуп, 30 миң сыйлыкка ээ болду.

«Онлайн» системасында өткөрүлгөн эл аралык орус тили жана англис тили сабактары боюнча олимпиадага М.Мамакеев атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу Кыдыров Дастан катышуу менен сертификатка ээ болду.

Эл аралык «Жандуу классика» кароо- сынагы райондо өткөрүлүп, жеңүүчүлөр облустук кароо–сынакка жиберилип, С.М.Киров атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу Мишенко Алена облустук турда 1- орунду алуу менен республикалык кароо- сынакка катышты. «Ак илбирсти» коргоо күнүнө карата А.Деркембаев атындагы орто мектеби облустук сынактан 3-орунду алып, мектепке түстүү принтер утуп келди.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөн облустук сынакта көркөм окуу боюнча А.Сыдыкбеков орто мектебинин окуучусу Муратбекова Айгерим 1-орунга ээ болгон. Качыбек атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучу кыздары спорт боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып, облустардын ичинен 3-орунга ээ болуп , грамота жана медалдар менен сыйланышты», - деди М.Темиралиев.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, район боюнча мектептерде 13049 окуучу билим алат. 1-4-класстарда 5578 окуучу, 5-9-класстарда 5898 окуучу жана 10-11-класстарда 1573 окуучу окуйт. Ал эми аларга жалпы 1089 мугалим билим берет. Алардын ичинен 180 мугалим пенсияда болсо, 119у жаш мугалимдер. Жаңы кабыл алынган мугалимдердин саны – 7. Районго жалпы 5 мугалим жетишпейт (дене тарбия-1 , математика -2, химия- биология-1, физика -1).

Район боюнча 44 мугалим кесиптик квалификацияларын көтөрүү курстарынан өткөн, 5 мугалим (Темиралиев.М.У., Шамиев.А.М, Жанаманова.Т.Ж, Абдрахманова.Ф.К, Шоруков.К.) КРнын «Эмгек сиңирген мугалими» наамына ээ болгон. 1 мугалим (А.Ракымов атындагы орто мектебинин математика мугалими О.Жексенбиев) КРнын президентинин ардак грамотасына татыган. 186 мугалим КРнын Билим берүү жанан илим министрилигинин «Мыкты мугалим» төш белгиси менен сыйланган.

«Район боюнча интернет менен байланыштырылган 34 мектеп бар. 4 мектеп «Мего билим» долбоору менен иштейт. 14 мектепке жана 2 бала бакчага видео көзөмөл орнотулган. 7 мектепте интерактивдүү доска менен иштешет. Район боюнча 30 мектепте окуучуларга ысык тама берилет. Анын тогузу БУУнын азык-түлүк программасы, жетөө эл аралык «МерсиКо» уюму аркылуу, 14 мектепке жергиликтүү бюджет аркылуу «Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду» тарабынан каржыланат. 5 мектеп авариялык абалда болгондуктан ысык тамак берүүгө шарты жок. Окуучуларга чай, сүт, булочка берилет», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, райондо мектепке чейинки билим берүүчү 16 уюм бар. Аларда жалпы 72 тарбиячы иштеп, 1742 бөбөк тарбияланат. Ошондой эле, мектеп астындагы үч сааттык 9 бала бакчалары бар, аларда 469 бала тарбияланат.

Алар:

1. Боз-Учук айылындагы «Баластан» бала бакчасы;

2. Кайырма-Арык айылындагы «Бүлдүркөн» бала бакчасы;

3. Ак-Булак айылындагы «Булак» бала бакчасы;

4. Шахта-Жыргалаң айылындагы «Наристе» бала бакчасы;

5. Жолколот айылындагы «Жеткинчек» бала бакчасы;

6. Эңилчек айылындагы «Келечек» бала бакчасы;

7. Токтогул айылындагы «Күнчыгыш» бала бакчасы;

8. Челпек айылындагы «Балалык» бала бакчасы;

9. Отрадное айылындагы «Наристе» бала бакчасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×