Сүрөт: Ак-Суудагы бала бакчанын имаратын айыл өкмөткө кайтарып, 7,8 млн сомго оңдошту
Turmush - Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагынын Качкынбек айылында жаңы спорт зал жана бала бакча ачылды. Бала бакчанын имараты СССР тарагандан кийин жеке менчикке берилип, 2015-жылы кайра айыл аймактын карамагына өткөн.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Дорбаевдин айтымында, «Наристе» бала бакчасы 120 орунга ылайыкталып, учурда анда 113 бала тарбияланып жатат.
«Биз кошуна айылдагы 30 балага да орун беребиз. Эки айылдын ортосундагы аралык 5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө бала бакчада 21 адам иштеп жатат. 2015-жылы имарат мамлекеттин балансына кайтарылып, 6 долбоордун жардамы менен капиталдык оңдоодон өткөрдүк. Жалпы 7 млн 800 миң сом сарпталды», - деди ал.
Мындан тышкары аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 10 орун берүү пландалып жатат. Ал эми бала бакча акысын айыл аймак төлөп берет.
Бала бакчанын ачылышына өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары, райондун акими, райондун активи, айыл аймактын жашоочулары катышты.