Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.01.2019 09:26

Ысык-Көлдө акимдин кубогу үчүн футбол боюнча турнир өттү (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ден соолукту чыңдоо комплексинде акимдин кубогу үчүн футбол боюнча ачык турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, турнирге Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунан жана Балыкчы шаарынан жалпы 14 команда катышты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл районунун «Чырпыкты» командасы 1-орунду алып, кубоктун ээси болушту. Ал эми 2-орунду Ак-Суу районунун командасы, 3-орунду Бостери айылынын командасы багындырса, 4-орунга Жети-Өгүз районунун командасы татыды.

Жеңишке жеткен командалар жана мыкты оюнчулар атайын сыйлыктарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×