Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.01.2019 08:47

Жаш келин жылаңач кирип келип, «кайда жатайын?» дейт: Тиш дарыгер Медербектин жумушундагы кызыктар (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын 40 жаштагы тургуну Ракымбек уулу Медербек 20 жылдан бери тиш дарыгери болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1999-жылы Кара-Балта медициналык окуу жайынын тиш дарыгери бөлүмүн бүтүргөн.

«Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. Кичине кезимде эле ата-энемдин колу-буту, муундары ооручу. Аларга массаж кылып, дарыларды шыбап берчүмүн. «Биздин уул догдур болот, уулубуздун колу жеңил» деп калышчу эле. Ошол себептен дарыгерлик кесипти тандап калгам. Негизи хирург болсом деп кыялданчумун. Мектепти бүткөн кезде турмуш кичине кыйыныраак эле. Чоң атамдарды кыйнабайын деп медициналык кесиптик окуу жайга баргам. Ошентип тиш дарыгери болуп калдым.

Эмгек жолумду 1999-жылы Каракол шаардык балдар бөлүмүндө тиш дарыгери болуудан баштагам. 2000-жылы Жети-Өгүз райондук тиш дарылоо эмканасында тиш хирургу, 2007-жылдан бери Каракол шаардык эмканасында ортопед (протезист) болуп иштеп келе жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы эсте калган окуяларды эскерди.

«Бир күнү бизге практикант балдар келишти. Бизде толук даяр боло элек протездер бар эле. Протез жасатып жаткан бейтап келип калып, мен практикант балага «оозуна салдырып ченетип кой» дедим. Ал түшүнбөй калып, кийгизип туруп кетирип жибериптир. Бир аз убакыттан кийин баягы бейтап кыйкырып, өкүрүп келе жатат. «Эмне болду?» десем «жасап берген тиштериңдин баары түшүп калды» дейт. Карасам толук даяр боло элек протезди кийгизип кетирип жибериптир. Ошентип баарыбыз бир топко чейин күлүп жүрдүк.

Өзүм практикада жүргөндө да мындай учур болгон. Мен иштеп жаткан жерге 25-30 жаштар чамасындагы эже келди. Жаагы аябай шишиген. Дарыгер ал эжени карап бүтүп, «чечинип кириңиз» деп, мага «жүр инструменттерди даярда, азыр кесебиз» деп чыгып кетти. Мен кабинетти даярдап жатсам тиги эже жыпжылаңач, ич кийимчен эле кирип келип, «каякка жатайын?» деп сурады. Мен эжени жалдырап карап туруп калыптырмын. Канча убакыт турганымды билбейм. Бир маалда дарыгер кирип келип, «экөөң эмне жалдырап турасың» деп, эжеге «сиз кийиниңиз, мен сизге үстүңкү курткаларыңызды чечип кириңиз дегем» деди. Анан мени бир чукуп, «жалдырабай кийин дебейсиңби, болду эми өзүңө кел» деп күлдү эле.

Эл менен иштеген жакшы, батасын аласың. Бир чети оор, беш кол тең эмес дегендей азыр өтө кыйкымчыл адамдар абдан көп. Бир жолу мага керамика салдырам деп жаш кыз келди. Россияда иштеп жүрүп келиптир. Консультация бердим, анан мага ал мындай, бул мындай деп кайра-кайра үйрөтөт. Ал айткан нерселери такыр башка. Анан «чоң кыз, сиз дарыгерсизби?» десем «мен интернеттен окугам» деп болбойт. Анан жиним келип, «жаман көрбөсөңөр ошол интернетке салдырып аласыңарбы» деп кабинеттен узатып койдум. Ушундай адамдар дагы болот», - деди ал.

Медербек мырза үй-бүлөдө 3 уул, 1 кыздын атасы. Келечекте балдарына татыктуу билим берүүнү көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×