Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.01.2019 16:36

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк А.Ташматов 10 жылдан бери элдин үйүн жылуулап берет (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылынын 46 жаштагы тургуну Алмаз Ташматов темир устачылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ага Ысык-Көл облусунун эли гана эмес, бишкектин тургундары дагы буюртма беришет.

«Турак үйгө жылуулук системасын киргизип берем. Мындан тышкары дарбазанын түрүн, чөп майдалагыч, алманын ширесин сыккыч, араба, унаанын чиркегичин жасайм. Бул иштерди эч ким деле үйрөткөн жок, өзүм эле өздөштүрүп кеттим. Акыркы 10 жылдан бери жашоочулардын үйлөрүнө жылытуу системасын киргизип берем. Жети Өгүз, Түп, Тоң райондорунан жана Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Бишкек шаарынан буюртмалар түшөт. Кээде бир айда 5 үйгө жылуулук системасын киргизем», - дейт Алмаз Ташматов.

Анын айтымында, 5 баланын атасы. Улуу кызы студент болсо, андан кийин 3 уулу жана 1 кызы бар. Балдарын билимдүү кылып, бутуна тургузуу максаты экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×