Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 28.01.2019 15:42

Балыкчыда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көп функционалдуу араба берилди (сүрөт)

Turmush -  Балыкчы шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген 13 балага көп функционалдуу араба берилди.

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Мамбеталиевдин айтымында, көп функционалдуу арабалар Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген.

«Бул арабалар тендер аркылуу чет мамлекеттен, протез-ордопеддик заводдон алып келди. Урунуу мөөнөтү 5 жылды түзөт. Бүгүнкү күнү берилип жаткан арабалардын кээ бирлери алмаштырылып жатат. Эгер булар сынып калса кайра жасап берүүгө мүмкүнчүлүк бар», - деди М.Мамбеталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×