Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 28.01.2019 12:41

Тоңдо «Кыргыздын кышкы оюндары» фестивалы кандай өттү? (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Көк-Сай айлындагы «Чуңкур-Булак» кыштоосунда 27-январда Кыргызстанда биринчи жолу «Кыргыздын кышкы оюндары» аттуу кичи фестиваль өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын бири Алмазбек Акуновдун айтымында, фестивалдын максаты унутта калып бара жаткан кышкы оюндарды жандандырып, жер-жерлерге таратып, аны улуттук спорттун түрлөрүнө айлантуу болуп саналат.

«Фестивалдын алкагында талпак чана менен жарышуу боюнча мелдеш өттү. Ошондой эле «Чангы жаа» мелдешинде лыжа менен төмөн түшүп бара жатып, 3 жерге орнотулган «Теке бутаны» атып өтүү өнөрү көрсөтүлдү. Мындан тышкары, кардан киши жасоо боюнча мелдеш, кыргыздар кыш мезгилинде колдонгон буюмдар боюнча «Жапкак», «Шиш туяк», «Чангы кыргыз лыжасы» аттуу сынактары өттү. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар, ардак грамоталар тапшырылды», - деди ал.

Фестиваль «Тескей жээк» туристтик дестинациясы, Салбурун федерациясы, Тоң райондук администрациясы жана Болот Мамбетов айыл өкмөтү тарабынан уюшулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×