Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.01.2019 09:52

Түптө 50 жаштан жогорку ардагерлер волейболдо мелдешти

Turmush -  Түп районунда 50 жаштан жогорку ардагерлер арасында волейбол боюнча кезектеги мелдеш башталды. Райондук спорт жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Токтосун Кадыркуловдун айтымында, бул турнирге 8 команда катышып жатат.

Алгач катышуучуларды райондун акими Э.Жантаев турнирдин ачылышы менен куттуктады. Ал эми мелдештер Түп жана Шаты айылдарындагы спорт залда уюштурулду.

Жыйынтыгында 1-орунду Талды-Суу айылынын «Белек ата» командасы ээлеп, спорттук кийимдер менен сыйланышты.

«Экинчи, үчүнчү орундарды ээлеген Шаты, Түп айылдарынын командалары спорттук инвентарлар,топ менен сыйланышты. 4-орунду ээлеген Арал айылынын командасына шахмат доскасы берилди. Эртеден кечке чейин мелдешкен оюнчуларга ысык тамакты кезеги келген Түп райадминистрациясы баш болгон мекеме-ишканалардан түзүлгөн команда даярдады», - деди Т.Кадыркулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×