Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 25.01.2019 17:22

Тоңдун Улахол айылында жер тилке алуу үчүн 900 жаш үй-бүлө кезекте турат (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев 22-январда Тоң районунун Улахол айыл аймагына иш сапары менен барды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облус башчы Улахол айыл аймагында салынып жаткан курулуш иштери менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Бул жолу облус башчысы А.Осмоналиев, район жетекчиси Т.Ажиев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кара-Талаа айылындагы спорт комплексинде, Кара-Шаар айылындагы спорт залында, Шор-Булак айылындагы С.Эркинбаев жана Туура-Суу 2 айылындагы Сагынтай атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринде болуп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Анда билим берүү жайларында түзүлгөн шарттар, курулушта болуп жаткан бир катар көйгөйлүү маселелер жеринде айтылды.

Жергиликтүүлөр оорукананын алыстыгы, Балыкчы шаарындагы ооруканага Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун кошуп берүү, Оттук айылынын мектебин куруу маселелерин айтышты. Ошондой эле тургундар Улахол айыл округунда жер тилкесин алуу үчүн 900 жаш үй-бүлө кезекте турганын айтышып, маселени чечип берүүнү өтүнүштү. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тургундардын суроолоруна жооп беришти.

Өкмөттүн өкүлү А.Осмоналиевдин иш сапары эми Тоң районунун башка айыл аймактарында да уланмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×