Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуТоң району 25.01.2019 13:13

Тоңдун тургундары облус башчысына уран кени жана жер маселелерин айтышты (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев иш сапары менен Тоң районуна барды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Облустун башчысы эки заводдун иши менен таанышып, Туура-Суу 2 айылынын тургундары менен жолугушту. Ошондой эле Кара-Талаа айылындагы спорт клубдун курулуш иштерин көргөн.

Мындан тышкары өкмөттүн өкүлү Улахол айыл округунун калкы менен жолугушуп, анда тургундар жерлерди трансформациялоо маселесин көтөрүштү.

«Учурда Тоң районунун Улахол айыл округунда жер тилкесин алуу үчүн 900 адам кезекте турат. Алар жайыт жерлерди трансформациялоону өтүнүп жатышат, бирок маселе айыл округдун же райондун деңгээлинде чечилбей жатат. Жерлерди трансформациялоо кандайдыр бир тартип бузуулар жок мыйзам чегинде жасалышы керек. Ошондуктан биз аны чечүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары жакшы иш баштап жаткан жаш ишкерлерди колдоо маселесин көтөрүштү.

Биз Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жаңы пункттарды киргизүүнү сунуштап жатабыз. Ага ылайык, бир гана социалдык объекттердин курулушуна эмес, жаш ишкерлерге дагы кайра кайтаруу эрежеси менен каражат бөлүүнү карап жатабыз. Учурда бул маселе Жогоку Кеңеште талкууланып жатат. Эгерде демилге колдоо тапса анда жаш ишкерлерди колдоо мүмкүнчүлүгү пайда болот», - деди өкмөттүн өкүлү.

Жолугушууда ошондой эле Көк-Мойнок айыл округунун Кызыл-Омпол тилкесинде уран кенин казуу иштери боюнча маселелерди дагы козгошту.

«Жергиликтүүлөр уран кенин казып алууда тургундардын ден соолугуна зыя тиет деп жатышат. Менимче, бул маселени биз компетенттүү адистер менен чечип, анын зыяны барбы же жокпу билишибиз керек. Азыр бул жөнүндө далилсиз айтуу болбойт, муну тургундар дагы түшүнүп калышты», - деди А.Осмоналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×