Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.01.2019 19:32

Тагдыр: Ысык-көлдүк Р.Мукамбетова эртең менен турганда көзү көрбөй калганын билген (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын 43 жаштагы тургуну Рахат Мукамбетова көзүнүн тор кабыгы жабыркагандыгына байланыштуу көрбөй калышы мүмкүн.

Өзүнүн айтымында, ал экинчи топтогу майып. Бир нече жыл катары менен Бишкек шаарында операция болгон. Бирок эки ай мурун эртең менен ойгонгондо эле эч нерсе көрбөй калгандыгын билген. Бишкек шаарындагы ооруканадан ага «оң көзүнүн тор кабыгынын жабырланышы» деген диагноз коюлган.

«Менин жалгыз уулум бар. Ал 18 жашта. Азыр ал Ананьев айылында унаа жуучу жайда иштеп жатат. Дайыма эле жумуш боло бербейт. Ошондуктан анын тапкан акчасын азык-түлүккө жана дары-дармекке жумшайбыз. Үйдө мени карап жаткан апам болуп чогуу жашайбыз. Бизде Бишкекте мындай диагноз боюнча операция жасашпагандыктан Новосибирск шаарына жөнөтүштү. Операциянын өзү эле 2 миң доллар болот экен. Бизде мындай каражат жок болгондуктан кайрымдуу адамдардан жардам сурайм. Эгерде операция жасалбаса, эки көзүм тең көрбөй калышы мүмкүн экен», - дейт Рахат Мукамбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×