Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 31.01.2019 23:59

«Жеңеке»: Жаңы келин болгондо ачка калып, жолдошуна арызданып ыйлаган 25 жаштагы Аиданын кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ичке-Суу айылында туулган 25 жаштагы Аида Өмүралиева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкек гуманитардык университетинин орус тили факультетин бүткөн. Турмушка чыккандан кийин ошол эле окуу жайда 2 жыл магистратурада окуган. Анын жолдошу — Балыкчы шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Аширбек уулу Кайрат учурда ишкерчилик менен алектенет.

«Жолдошум экөөбүздү Балыкчынын жолдору тааныштырды. Университетти аяктап, жумуш издеп баштаганда өзүмдүн жеңем Балыкчыга чакырып, тажрыйба алып кетүүмдү сунуштады. Мен макул болуп, бороондуу Балыкчыны көздөй жол тарттым. Келерим менен эле болочок жолдошумдун унаасына түшүп, үйдү таппай убара болдум. Ошентип Кайрат менен жакындан тааныш болуп, кийин ал мени жумуштан үйгө жеткирип жүрдү. Алгач Балыкчы шаарына көнүү өтө кыйын болду. Дайыма шамал болуп турат, бир аздан кийин тажай баштадым. Эки айдан кийин Балыкчыдан Караколго которулмай болдум.

Кетейин деп жатканда Кайрат баш кошууну сунуштады. Мен ойлонуп, анан макул болдум. Ал болочок кайын энем менен тааныштырды. Анан Кайрат мени үйүмө жеткирип барып, ата-энемден колумду сурап, макулдугун алып кеткен. Азыр Акмарал жана Акназар аттуу уул-кыздуу болдук. Мен үйдүн жалгыз келини болгондуктан кайын ата, кайын энемдер болуп чогуу турабыз», - дейт Аида Өмүралиева.

Ал жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Турмушка чыкканда кыз кишиге башка бирөөнүн бүлөсү болуу оор экенин түшүндүм. Мен дагы жаңы келин болуп келгенде кыйналдым. Анткени ар бир үйдүн өзүнүн тартиби болот эмеспи. Үйдө тамакты тамак-аш майы менен жасаганга болбойт дешти. Алар тоң майга зыгыр майды аралаштырып анан жасашат экен. Кызыгы кайын атам жашылча кошулган тамактарды жебейт экен. Бир гана тамакта пияз, картошка, камыр, эт болушу керек. Мындай тартиптерге да көндүм. Боюмда бар кезде үйдөгү өзүм жасаган тамактарды жегим келбей, бир топ кыйналгам. Бир күнү ачка калып, жолдошума арызданып ыйлаганым эсимде. Анан күн сайын кайын энем менен жолдошум мага деп кафеден тамак ташышчу.

Жолдошум үй-бүлөнү дайыма биринчи орунга койгон адамгерчиликтүү инсан. Келечекке койгон максаттарым көп. Эң негизгиси балдарыма татыктуу тарбия берип, аларды ар тараптуу кылып чоңойтуу. Өз кесибим менен иштеп, балдарды окутсам дейм. Бардык кыялдарым орундаларына ишенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×