Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.01.2019 11:09 Жаңыланды: 24.01.2019 18:11

Өзгөчө ысымдар: Теңтуштарым мени Чаң-Чуң дешчү, - Ысык-Көлдүн тургуну (сүрөт)

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат. Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат.

Ысык-Көл районунун Темир айылынын 77 жаштагы тургуну Тянь-Шань Сартов ысымы тууралуу айтып берди.

«Мен Кочкор районунда төрөлгөм. Атам Иса Сартов Ата Мекендик согуш жылдарында Кочкор, Нарын райондорунда мугалим болуп иштеген. Ал убакта Нарын облусу Тянь-Шань деп аталчу. Ошол жылдары мен төрөлүп, атамдын теңтуштары атымды Тянь-Шань деп коюшкан экен.

Мен айылдагы мектепте 7-класска чейин окудум. Андан соң Токмок шаарындагы 2 жылдык кесиптик окуу жайда билим алдым. 1958-жылдан баштап механизатор болуп иштеп, 1963-жылы аскердик кызмат өтөөгө кеттим. Армиядан келген соң көп жыл айдоочу болуп иштеп, кийин пенсияга чыктым», - дейт ал.

Анын айтымында, ал учурда үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө жашайт.

«Кийин Ысык-Көлгө көчүп келдик. Ушул убакка чейин өзүмдүн атыма окшош ысым уга элекмин. Мурун теңтуштарым тамашалап, атыма уйкаштырып Чаң-Чуң деп атап коюшчу. Атымды биринчи уккандар эмнеге мындай коюлганын кызыгып сурашат.

Жубайым Бейшегүл Алышева "атыңды биринчи укканда таң калгам жана атына жараша өзү да жакшы жигит болсо керек деп ойлогом" деп айтып калат. Жубайым мен жөнүндө ата-энесине айтканда алар дагы таң калып, "кандай жигит болду экен" деп мени көрүүнү каалаган экен. Эми азыр жубайым экөөбүз баш кошконубузга 50 жыл болду. 5 кыз, 3 уулду тарбиялап өстүрдүк. Учурда 21 небере жана 5 чөбөрөбүз бар», - дейт Тянь-Шань Сартов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×