Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 23.01.2019 08:42 На русском

Сабак учурунда шыбы түшүп калган: Тоңдо 11 жыл мурун курулган мектептин азыркы абалы (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу 2 айылындагы мектептин имараты 2007-жылы курулган. Бирок имарат колдонууга берилгенден кийин дубалынан жарака кетип, шыптан жаандан кийинки суу агып баштаган.

Билим берүү мекемесинин администрациясынын маалыматы боюнча, имаратты жылытуу абдан оор. Ал эми мектептин курулушуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, спорт зал кошо курулган. Имарат 150 окуучуга ылайыкталган. Ал колдонууга берилгенден кийин курулуштун сапаты билинип, дубалдан жарака кетип, класстардын биринин шыбы сабак учурунда урап кеткен. Балдар убагында класстан чыгып, эч ким жаракат алган эмес. Имарат электр энергиянын жардамы менен жылыйт, бирок жарык өчкөндө мектеп бат муздайт. Анткени анын чатырын жылуулашкан эмес. Ошондой эле спорт залдын полунун айрым жерлери сынып кеткен.

Бул маселени жергиликтүү жашоочулар жана мектептин директору өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акылбек Осмоналиевдин иш сапарында көтөрүшкөн. Өз кезегинде облус башчысы спорт залдын полун оңдоого каражат бөлдүрүүнү убадалаган. Ошондой эле ал мындай объектилердин сапатын жеринде биринчи кезекте жергиликтүү тургундар көзөмөлдөшү керектигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×