Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.01.2019 23:16 Жаңыланды: 21.01.2019 23:16 На русском

Айыл турмушу: Каныбек устанын ээрлерин казакстандык улакчылар да сатып алат (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун 38 жаштагы тургуну Каныбек Аликеев улакчылар үчүн ээр жасап, киреше табат. Ал бир нече жылдан бери устачылык менен алектенип жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Каныбек уста жасаган ээрлерди казакстандык көк бөрүчүлөр да сатып алат. Ал бир ээрден 3000-3500 сом киреше табарын айтат.

«2010-жылдан бери улакчылардын ээрин жасайм. Ага чейин эски ээрлерди акысыз эле оңдоп берип жүрчүмүн. Акыркы убакта көк бөрү өнүгүп жаткандыктан ээрлерге суроо-талап көбөйүп, бул өнөрдү аркалап калдым. Улакчылардын ээрин жасаганды Бишкектен үйрөнүп келгем. Жөнөкөй ээрлерден жеңил болгону менен айырмаланат. Анын астында улак эңгенге ыңгайлаштырылган кармагычы болот. Ат үстүндөгү адам улак эңип жатканда ооп кетпейт.

Бул ээрлер 4 миң сомго бааланат. Жылына болжол менен 70ге жакын ээр жасайм. Ээрлерди Казакстандын көк бөрүчүлөрүнө да жасап бергем. Базарда ээр саткандардан угуп, буйрутма менен жасатып кетишкен. Ар бир ээрден 3000-3500 сом киреше табам. Бош убакта көк бөрү ойнойм. Келечекте чакан цех ачсам дейм», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×