Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 15.01.2019 09:11 На русском

Сүрөт: Бөкөнбаев айылындагы мектептин жаңы имараты 71,8 млн сомго курулду

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында курулушу 2013-жылы башталган Шамей Токтобай уулу атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу жыйынтыкталды. Бул тууралуу мектептин директору Гүлзада Шаршенбек кызы билдирди.

Анын айтымында, мектептин эски имараты 1939-жылы курулган.

«2008-жылдан баштап жаңы имарат куруу маселесин көтөрдүк. Анткени ӨКМ эски имарат колдонууга жараксыз экени тууралуу тыянак чыгарган. Эски мектеп эки имаратттан туруп, учурда балдар бир имаратта 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Ушул жылдын февраль айында жаңы имаратты пайдаланууга беребиз. Анын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Жаңы имаратта бардык шарттар каралган», - деди ал.

Имараттын долбоорунун автору — Ысык-Көл облустук архитектура башкармалыгы. Ал эми курулушту капиталдык курулуш башкармалыгы каржылады.

«Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1970 чарчы метрди түзөт. Ал 275 окуучуга ылайыкталган. Спорт зал, галерея, жуунучу, от жагуучу жай, резервуар, тундургуч кошо курулуп, мектептин аймагы тосулду», - деди капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Замир Оторбаев.

Имаратты курууга жалпы 71 млн 897 миң сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×