Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.01.2019 22:19 На русском

Дүкөндөгү жолугушуу жана кызганыч: Караколдо турист жубайлар сабалганын айтып милицияга кайрылды

Turmush -  Каракол шаарында Россиядан эс алууга келген туристтерге кол салуу фактысын милиция кызматкерлери текшерип жатышат.

Новосибирск шаарынын жашоочусу Алексейдин айтымында, Каракол шаарына аялы менен бирге 4-январда келишкен. Бул алардын Караколго алгачкы сапары болуп, досунун батирине жайгашышкан.

"6-январда биз жашаган райондогу дүкөнгө кирип, кайра чыкканда белгисиз 2 адам артыбыздан кол салды. Биз үйгө качканда артыбыздан кубалап келишип, эшикти бекиткенге жетишпей калдык. Алар бизди эс-учубуз жоголгуча сабашты. Биз ойгонгон учурда алардын бирөө эле бар экен. Ал бычак шилтегенде менин төшүмө тийип, ошол учурда чуркап келген аялым аны катуу урду. Ал жыгылып калганда эшикке чыгарып, милиция чакырдык. Алар тез эле келип, ал жигитти табышты", - деди Алексей.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, аталган окуя 6-январда болгон. Шектүү россиялык жубайлар менен дүкөндөн таанышып, аларды конокко чакырганын, үчөө спирт ичимдигин ичишкенин айткан. Бир аз убакыттан кийин Алексей аялын кызганып, өзүн агрессивдүү көрсөтө баштаган. Ошол учурда өзүн коргоо максатында бычак сайып алганын билдирген.

Шектүү – Тоң районунун 1996-жылы туулган тургуну эч жакка чыкпоо талабы менен камактан чыгарылып, бул окуяга байланыштуу тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×